Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ ЧЕТ ЭЛГЕ ӨЛҮК САТУУ ФАКТЫЛАРЫН ТАЛДАЙТ


24-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынындагы «өкмөттүк саатта» Кыргызстандан Германияга өлүктөрдү сатуунун мыйзамдуулугу каралат.

Буга Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы менен германиялык окумуштуу Гюнтер фон Хагенстин 1996-жылы түзгөн келишиминин негизинде Кыргызстандан 495 кишинин өлүгү жана 5 тонна ар кандай адам мүчөлөрү жөнөтүлгөнү башкы себеп болду. Бул ишти Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Акбөкөн Таштанбеков жана Асел Мамбеталиева адистердин көмөгү менен иликтеп, өлүк сатуудан Медициналык академия 560 миң немис маркасын алгандыгы жана да бир топ адамдын чөнтөгүнө акча түшкөнү ачыкка чыккан. Ал эми 22-октябрда маалымат жыйынын өткөргөн профессор Гюнтер фон Хагенс «депутат А. Таштанбеков өзүнүн материалдык жеке кызыкчылыгынан гана бул ишти козгоп чыкты» деген оюн ачыктады.

- Мен өзүмдүн булактарым аркылуу, эгер мен ага кандайдыр бир суммадагы евро бере турган болсом, ал ишти дароо жаап коерун жана мен Кыргызстанда пластинациялык борбор ача ала турганымды билдим, - деди Гюнтер фон Хагенс.

Ал эми депутат Акбөкөн Таштанбеков андай маалыматты жокко чыгарып, акыйкат жана мыйзамдуулук издеген максатынан эч кандай акча кайтара албасын айтты.

- Бул жерде кайдагы материалдык кызыкчылык болот? Бул билдирүү - мага кысым көрсөтүүнүн бир түрү. Мени атып салып же башка бир жолтоо кылышпаса эле токтото алышпайт, - деди Акбөкөн Таштанбеков.

Анын айтуусуна караганда, азыр бул иш боюнча баш-аягы он чакты кылмыш иши козголуп, алды сотко жөнөтүлдү. Киши колдуу болуп өлгөн адамдардын сөөктөрү боюнча бир катар фактылар дагы иликтенип жатат, бирок алардын күнөөкөрү ким экени дайынсыз болгондуктан, тергөө кашаң жүрүүдө. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде адамдын өлүгүн сатканы үчүн дарыгерлерге жаза бере турган берененин жоктугу бул ишке тиешеси бар адистерди жазасыз калтырчудай. Депутаттар андай кемтикти толтуруш үчүн азыр бир нече мыйзам долбоорун даярдоого киришти.

Ал эми «дүйнөнүн 38 өлкөсү менен кызматташам» деген Гюнтер фон Хагенс бул чатак дагы ырбап, өзү Бишкекте пластинация борборун ачпай калса, Кыргызстандын эл аралык беделине доо кетирээрин кыйытты.

XS
SM
MD
LG