Улуу Британиянын каныкеси Диананын өлүмү менен байланыштуу бүгүн Париж шаарында биринчи сот башталды. Үч франциялык фотограф башка адамдын жеке турмушуна кийлигишкен деп күнөөлөнүүдө. Диана, анын досу Доди ал-Файед жана алардын айдоочусу Анри Поль 1997-жылдын 31-августунда машине менен бетон дубалды сүзүп алып курман болушкан.