Атактуу орус жазуучусу Георгий Владимов бүгүн Маскөөдөгү Переделкино мүрзөсүнө коюлду. Тажыяга Анатолий Приставкин, Андрей Вознесенский, Андрей Битов жана башкалар катышты. Владимов 72 жашында өткөн жекшемби күнү Алманияда каза болгон. 1967-жылы Владимов Солженицынди колдоп чыккан жана кийин көп жылдар бою Алманияда жашаган. Жазуучунун "Генерал жана анын армиясы" аттуу акыркы романы 1995-жылы Букер сыйлыгына татыган.