Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

ОРТО КЫЛЫМДА КЫРГЫЗДАР ОРУСКА ТЕКТЕШ БОЛГОНБУ?


Азыр Кыргызстан менен Орусиянын саясий мамилелери жанданып жатат. Басма сөз каражаттарында мындан түркүн жоромол жасагыдай маалымат берилип, ой чабыты эми тарых айдыңында болчудай. Анда эмесе “Славяндар менен кыргыздардын туугандык мамилеси болгонбу?” деген маселени талдап көрсөк.

Сөз башында “саклаб” деген аталыштын ачыгына чыгып алсак. Орто кылымдагы араб-перс авторлору славяндарды “саклаб” деп аташкан. “Анткени алардын ысымы «саг» - «ит» менен байланышат» деп жазат XI к. автору Абу Саид Гардизи. Азыр белгилүү болгондой, орустар славяндардын бир салаасы болуп саналат эмеспи. Анын жазганына ылайык, саклабдар иттин сүтүн ээмп чоңоюшкан. Гардизинин «Зайн ал-ахбар» же «Маалыматтар жасалгасы» аттуу эмгегинде кыргыздардын тарыхы мындайча жазылат: «Кыргыздардын теги бир славян төрөсүнөн башталат. Ошол төрө славян өлкөсүндө жашап турган чакта, ал жерге Римден элчи келип, аны ошол славян өлтүрөт. Анын себеби - римдиктер Нойдун уулу Симден, ал эми славяндар Яфеттен тарагандыгында» деп белгилейт Гардизи «Зайн ал-ахбар» чыгармасында. «Яфеттин Эмке деген баласы эки көзү жок, сокур төрөлөт. Яфеттин ити тууганда ал күчүктөрдү өлтүрүп, Эмкени итке эмизген. Эмке 4 жыл бою иттин эмчегин ээмп, ал кайда барса кулагынан кармап, ээрчип жүрүп, акыры иттин мээрими жана эки көзү балага өтүп, Эмке кадимки кишилердей көрүп калган». Гардизинин жазганына караганда, бүгүнкү күндө да иттин көзүнүн үстүндө ошол Эмкеге өткөн эки көздүн тагы калгандыктан аларды «саклабдар» дешет.

«Саклаб Рим элчисин өлтүргөндөн кийин жазасына өз өлкөсүнөн куулган. Ал адегенде хазарларга келип, анда батпай Башжурт өлкөсүнө өткөн. Хазар ханынын көкүтүүсү менен мындан чыгарылган соң, кимактар менен тогузгуздардын ээлигинин ортосуна жайгашып, келген-кеткендерди чогултуп, аларга «кыргыз» деген ысым ыйгарган».

Гардизинин «Зайн ал-ахбар» чыгармасында «кыргыздардын кызыл чачы жана ак териси алардын славян тегинен жаралгандыгын айгинелейт» деп жазылат.

Асыресе, кыргыздардын европеиддик расалык өзгөчөлүгүн кытай авторлору да белгилешип, «алардын бойлору узун, көздөрү көк, кыргыздар кара көздүүлөрүн «бактысыз адамдар» дешет» деп жазышкан. Гардизи айткан, славян тегинен жаралган кыргыздар туурасындагы маалымат IX к. орто чениндеги энесайлык кыргыздардын Теңир Тоого жер которуу кыймылына тыгыз байланыштуу.

Тан династиясынын тарыхында кыргыз каганынын элчиси Табу-хецзу «Кыргыздар Хэло дарыясына көчүп келип, дароо Уйгур мамлекетинин жеринде жашап жатат, ага кошумча Аньси (Куча), Бэйтин (Бешбалык), татар жана башка беш урууну алды» деп билдирген.

Убагында академик В.В.Бартольд Х кылымдын беймаалым перс автору жазган «Худуд ал-Алам» жазма булагындагы «Пенчул (Үчтурпан) карлук өлкөсүндө жайгашкан, мурда ал тогузгуз тарабынан бийленсе, азыр аны кыргыздар басып алган» жана «Кашгар Чин чөлкөмүнө кирет, бирок йагма, Тибет, кыргыз жана Чин чегинин аралыгында орун алган» деген маалыматтарга таянып, «кыргыздардын азыркы мекенине көчүшү Х кылымга чейин жүрсө керек» деп белгилеген.

Айтмакчы, мусулман өлкөсү Карахандар менен Турфан мамлекетинин чегинде, түндүгүндө Куча жана Бугур, түштүгүндө Черчен болгондугун, бул аралык монгол басып алуусуна чейин сакталгандыгын В.В.Бартольд аныктаган болчу.

Бул багытта Селжук хансарайынын табыбы Шараф аз-Заман Тахир ал-Марвазининин (XI-XIIкк.) «Табаи ал-хайаван» эмгегиндеги маалыматтар өтө баалуу. «Түрктөрдүн катарына хирхиздер да кошулат, жайкы чыгыш (Түндүк-чыгыш) менен түндүк аралыгында жашаган көп сандуу эл. Кимактар алардын түндүгүндө жашайт, ягма жана харлухтар – батышында, Куча менен Арк кышкы батыш (түштүк батыш) жана түштүгүндө (аларга жараша жайгашкан)». «Хирхиздерде өлгөндү өрттөө бар, алар «от тазартып, адал кылат» деп айтышат. Алардын салты мына ушундай болчу. Качан мусулмандарга коңшу жайгашкандан тарта өлгөндөрдү көмө башташты», - деп жазган ал-Марвази.

Кыргыздардын мусулмандарга коңшу жашап калышы жана ата салтындагы өзгөрүүлөрдүн жүрүшү - илим үчүн эң маанилүү даректер. Анткени кыргыздардын Чыгыш Түркстанга жер которушу, алардын генеалогиялык курамынын эле эмес, жалпы чөлкөмдүн этникалык картасынын өзгөрүшүнө себеп болду. Кыргыздар жаңы чөйрөдө өздөрүнүн тегин түшүнүш үчүн жаңы санжыралык нукту ойлоп табышса, ал эми жергиликтүү калк алардын айырмаланган сырткы кебетесине карап, «саклаб-славян» же «иттен тараган кыргыздар» деген аңыз кеп жаратышкан окшойт. Анткени Гардизи жана башка чыгыш авторлору жазгандай, кыргыздардын антропологиялык белгилери жергиликтүү калктан кескин айрымаланып, келгиндер экендигин билдирген. Мындан бөлөк орто кылымдагы адамдар дагы Гардизи айткан маалыматты окуп, «кыргыздар кызыл тайгандан тараган» деген икая кепти жаратышкан. Бирок, расогенетикалык өзгөчөлүгүнө карабастан, кыргыздар түрк тилдүү этнос болгон.
XS
SM
MD
LG