Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

ОРУСИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АВИАБАЗАСЫ, ТҮМӨНБАЙ БАЙЗАКОВДУН 80 ЖЫЛДЫГЫ, СОПУКОРГОН БАЯНЫ, ОРОЗО АЙЫ


Бекташ Шамшиев, Бишкек шаары Кантта Орусиянын авиабазасы ачылды. Кыргыз басылмаларында Орусия президентинин Кыргызстанга келиши, эки элдин достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн биртоп инсандарга сыйлык бергени байма-бай жазылды. Мындан тышкары, айрым гезиттерге Улуу Атамекендик согушка катышкан акын Түмөнбай Байзаковдун 80 жылдыгына арналган макалалар да жарыяланды. Гезиттер Орозо айынын жөрөлгөлөрү, кыргыз тилинин абалы сыяктуу темаларга да кайрылышты.

Орусиянын Канттагы авиабазасы Борбор Азиядагы коопсуздуктун тиреги экенин, ал кыргыз-орус мамилелеринин жаңы барагын ачканын жума күнкү «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркинтоо», «Вечерний Бишкек» гезиттери жазышты. Орусия-Кыргызстан инвестициялык жыйынында чыгып сүйлөгөн президент В.Путин ушу тапта Кыргызстандын тышкы соодасынын 16% Орусияга туура келерин, алака-катыш жакшы өнүгүп жатканын, ошого карабай, пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөр дале биртоп экенине токтолду.

Кыргызга таанымал акын Түмөнбай Байзаковдун 80 жылдыгына карата республика боюнча биртоп коомдук-маданий иш-чаралар өтүп жатканы «Кыргыз туусу» гезитинде баяндалды.

«Түмөнбай кыргыз акындарынын ичинде аттын кашкасындай кашкайып турган, акындык аты көзгө толумдуу, улуттук адабият майданында өз ордун ээлеген сүрөткер, тагдырдын жазуусу менен жаштык курагы катаал согуш мезгилине туш келип, согуштун бардык азап-тозогунан өтүп, кан кечип, ок жеп кайткан майдангер акын”,- деп жазат эл акыны Сүйүнбай Эралиев.

“Эркинтоо” гезитинин апта соңундагы санында Абдыганы Эркебаевдин “Бозорбойт Сопукоргон” аттуу макаласы жарыяланды. «Бир караганда сыртынан чындап эле бозоруп турган таштак, тар жердеги Сопукоргон илгертен эле айтылуу Жибек жолунун маанилүү түйүнү, чыгаан эр-азаматтардын уясы болуп келген. Ош-Эркештам-Кашкар жолу ачылгандан бери кайрадан Жибек жолунун маанилүү түйүнүнө айланган азыркы Сопукоргон. Анын ажары болгон бул канжол жакынкы жылдары түп-тамырынан бери оңдолуп-түзөтүлгөндөн кийин, андан бетер ачылат, калкынын оокат-тиричилиги олуттуу түрдө оңолот. Менин буга кыпындай да күмөнүм жок», деп жазат Абдыганы Эркебаев «Эркинтоодогу» макаласында.

Мамлекеттик тилге мамлекеттик мамиле жасалбай жатканы Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин «Заман Кыргызстан» гезитинин жаңы санында жарыяланган макаласында козголот. «Мамлекет жетекчилери расмий иштерде кыргыз тилинде сүйлөөсү зарыл. 14 жылдан бери кыргыз тилин далма-дал которуу иши колго алынбай келатат, - дейт С.Жусуев. - Кыргыз тилиндеги сөздүктөр кийинки кездери аз чыгып калды. Тил маселеси элдин иши, аны өнүктүрүүгө каражат керек».

Ушул эле гезит аркылуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Мураталы ажы Жуманов Орозого карата мусулмандарды куттуктаган. «Орозо бул жылы 26-октябрда башталып 24-ноябрда бүтөт. 25-октябрь шек күнү болот. Бул күнү мусулмандар ыйык айга даярдык көрүшүп Куран окуп бата тилешет», - дейт Азирети Муфтий.

«Колчатыр өтмө катар суу боло элегиңде керек», деп жазат Д.Кыштобаев «В конце недели» апталыгында. «Кыргызстанды кандай коркунуч акмалап турганын эч ким айталбайт. Борбор Азиядагы кооптуу проблемалардын көбү чечилген жок. Демографиялык, экологиялык үстөмдүк күчөөдө. Ошондуктан коопсуздук маселесин эмитен чечип алган оң, дейт автор.

«Каргашалуу капитализм доорунда адамды адам эксплуатациялоо, кул катары пайдалануу жана тирүүлөй сатуу сыяктуу кул ээлөөчүлүк коомдун жапайы көрүнүштөрү күнүмдүк турмушубузда кадимкидей орун алууда», деп жазат «Бишкек таймс» гезитинин жума күнкү санында Эмилбек Момунов. Анын пикиринде, Кыргызстанда адам сатуу жылдан жылга күчөп баратат.

«Президент А.Акаевдин элге жана парламентке кайрылуусу тек гана кезектеги жооткотуу» деп жазат жума күнкү “МСН” гезитине Вячеслав Тимирбаев. Анын ою боюнча, республиканын экономикалык турмушунда олуттуу жылыштар байкалбай жатат. «Бийлик жетекчилеринин сөзүнө кулак түрсөк, баары жакшы, бирок, реалдуу турмуш башканы көрсөтүүдө», деп белгилейт автор. Президент А.Акаевдин Акыйкат башкаруучулар кеңешинин катчылыгын түзүү тууралуу жарлыгына карата Рина Приживойт өз пикирин «Кыяксыз кайсы ыр, кеңешсиз кайсы орган» деген макаласында билдирген.

«Кыргыз өкмөтү Каракече көмүр кенин иштетүүгө кызыкдар» деп жазат К. Жолдошбаев «МСН» гезитине «Өкмөт жана Каракече» аталыштагы макаласында. «Көмүр кенине барчу темир жолду ашар жолу менен куруп ийиш кыйын», дейт макала автору. Автордун айтымында, Т. Усубалиевдин демилгеси менен башталган темир жол ашарына «Бешсары» фирмасы 500 000 сом кошумча кошкон.
XS
SM
MD
LG