Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

ИРАКТЫКТАРДЫН САДДАМДАН КИЙИНКИ АЛГАЧКЫ ОРОЗО АЙЫ


Тынчтыкбек Чоротегин (Tynchtykbek Chorotegin), Прага шаары Дүйнө жүзүндө мусулмандар ыйык орозо айы рамазандын башталышын салтанаттуу белгилөөдө. Кыргызстанда рамазан жекшемби күнү башталды. Ал эми Иракта орозо айынын башталышы дүйшөмбүгө туура келет. Ирактыктар Саддам Хусейндин режими кулагандан бери алгачкы ирет орозо айын баштан кечирмекчи.

Рамазан - Ай календарына негизделген мусулмандык жыл санактагы тогузунчу ай. «Алла-таала ыйык Куранды Мухаммед пайгамбарга жиберген ай» катары ислам дүйнөсүндө ыйык тутулган бул айда такыба мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозун бекитүүгө тийиш. Жортуулда же сапарда жүргөндөр, ден соолугуна байланыштуу оозун беките албагандар, берик болгон айымдар жана башка айрыкча себеби бар кишилер орозо айында күндүз деле тамак иче алышат.

Бул ай – мусулмандардын шаан-шөкөттүү майрамдык мезгили. Ооз ачкан убакта жүз миллиондогон мусулмандар бири-бирине конокко барып, белек-бечкектер берип, өз ара араздашууларынан баш тартып элдешип, айтор, жаңы турмушка кадам шилтөөгө умтулушат. Ал эми ирактыктар үчүн быйылкы орозо айы чынында да жаңы коомдук турмуштун ирегесин аттап жаткан күрдөөл учурга туш келди.

Багдадда жүргөн кабарчыбыз Валентинас Мите рамазандын алдында айрым ирактыктар менен баарлашты. Саддамдын авторитардык жана секулярдык өкмөтү маалында орозо айы качан башталаары тууралуу өкмөт гана чечээр эле, - дейт шийит агымын туткан Раша аттуу айым Мите менен маегинде:

- Саддам орозону качан баштай турганыбызды өзү аныктап, «мына бу күнү болот» дечү. Маселен, эгерде ал орозону дүйшөмбүдө баштоо керек деп туура көрсө, анда ал «рамазан айы дүйшөмбүдө башталсын» деп буйрук берчү. Биздин шийит имамдарыбыз шейшемби же шаршемби күндү ырас көрсө да, Саддам дүйшөмбү күнү орозо башталат деп өкүм кылчу.

Иракта мурдатан эле ар кандай тартипке баш ийгиси келбеген, маселен, жол эрежесин көзүнө илбеген кишилер көп. Бирок алар да орозо айынын талаптарын аткарууга ашыгат.

Ирактын убактылуу Башкаруу кеңеши орозого байланыштуу ресторандардын жана ашканалардын ишине бир катар чектөөлөр киргизди. Мындай чектөө туура экенине, маселен, Багдаддагы «ал-Аззам» ресторанынын кожоюну Даман Абдул Карим да макул:

- Жумуш убактысы да, албетте, өзгөрүүгө тийиш. Жумуш сааты Башкаруу кеңешинин токтомуна ылайык белгиленет. Рамазан айында бардык ресторандар күндүз жабылып, ооз ачылаарга жарым саат калганда гана ачылууга тийиш.

Даман Абдул Каримдин айтымында, ресторан түштөн кийин ачылышы деле мүмкүн, бирок ал күн батканга чейин эч кимге кызмат көрсөтө албайт. «Мен үчүн эң негизгиси – соодама келтирилчү зыян эмес, Саддамдан кийин ээн-эркин дем алып жатканыбыз», - дейт ресторан кожоюну.

АКШ жетектеген эл аралык коалиция аскерлери да орозо айынын салттарын урматтоо менен кабыл алууга умтулууда. Багдад шаарында түн ортосунан таңкы саат 4кө чейин киргизилген коменданттык саат рамазан айы үчүн алып салынды. Анткени рамазандагы ооз ачуу маалында бири-бирине конокко келүү – тууган-туушкан, дос-тамырдын эң олуттуу жөрөлгөлөрүнөн эмеспи. Айтмакчы, коалицияга кызмат кылган карапайым ирактыктардын маянасына бул ай үчүн кошумча алтымыш доллардык сыйлык да каралган.

Ирактыктардын бир даары америкалык аскерлерди жергиликтүү адат-салтты билбейт же атайылап таназарына албайт деп жек көрөөрү да маалым. Ушул күндөрү Ирактагы АКШ аскерлерине орозо айынын мааниси жана мусулмандык парыздар тууралуу атайын дарстар да окулду.

Эми, бул сыяктуу тийешелүү этнографиялык маалыматтан кабардар болгон соң, Батыш жоокерлеринин ислам динин эзели тутпаган өкүлдөрү рамазан айында оозу бекиген жергиликтүү мусулмандардын маңдайында туруп, бөтөлкөдөн суу жутуп алуудан оболу: «Туура иш кылып жатамбы? Өзүмдү «мусулман эмесмин да» деп жооткотконум менен, ирактыктар «атайылап шылдың же шакаба кылуу үчүн каратып туруп суу ичип жатат» деп мени ойлоп калышпайбы?» деп өздөрүнө өздөрү суроо салаары бышык.

Бул рамазан айы, демек, коомдук турмуштун жаңы реалдуулугуна ирактыктарды да, келгин жоокерлерди да үйрөткөн нечендеген күтүлбөгөн сабактарын берээри ажеп эмес. Жекшемби таңдагы Багдаддагы террордук кол салуу болсо жаңы түзүлүшкө моюн сунгусу келбегендер ыйык ай – рамазанда деле тынч жатпай турганына ишаара кылды.
XS
SM
MD
LG