Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

БРИТАНИЯ ЗИРЕКТҮҮ ЖАШТАРДЫ ӨЗҮНӨ ТАРТУУДА


Британияда окууну каалаган чет өлкөлүк студенттердин саны улам көбөйүп баратат. Өлкөнүн билим берүү департаментинин маалыматына ылайык, алардын арасында мусулман дүйнөсүнүн өкүлдөрү басымдуулук кылат. Көпчүлүк бул көрүнүш - АКШнын виза берүү саясатынын натыйжасы дешүүдө.

Жакында эле, 1999-жылы Британиянын расмий өкүлдөрү Американын университеттери дүйнөнүн эң мыкты жаштарын өзүнө тартып алууда деп, зиректүүлөрдүн Британиядан тышкаркы жерге агылуусун токтотууну көздөгөн программа иштеп чыккан. Премьер-министр Тони Блэрдин көрсөтмөсү менен ошол эле жылы чет өлкөлүк окуучулар үчүн Британияга кирүү процедураларын жеңилдеткен бир катар демилгелер аткарыла баштаган. Анын аралыгында, дүйнөдөгү саясий кырдаал өзгөрүп, 11-сентябр окуяларынан кийин АКШ виза режимин катаалдаштырып жиберди. Америкада окуп жаткан чет элдик студенттер үчүн да бир топ кыйынчылыктар түзүлүп калды. Бул жагдай башка мамлекеттердин жаштарын өз университеттерине тартуу боюнча Британиянын аракеттерин жеңилдеткенсиди.

Билим берүү департаментинин маалыматына караганда, 1999-жылдан бери Евробиримдикке кирбеген, Британияга кирүү визасы талап кылынган өлкөлөрдөн келген студенттердин саны кескин өсүп, былтыр 139 миңге жеткен. 1999-жылы алардын саны 120 миңге чамалаш болчу. 2001-2002-окуу жылында Жакынкы Чыгыштан келген студенттердин саны 9 миңдин айланасында болду. Быйылкы жылдын көрсөткүчтөрү толугу менен чыгарыла элек, бирок алдын ала маалыматтардан Британиянын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган чет өлкөлүктөрдүн саны (Евробиримдикти кошпогондо) 11 пайызга көбөйгөнү анык болду.

Расмий өкүлдөр ушундай жагдайдын себептерин атабаса да, айрым университеттерде АКШнын виза берүү жаатындагы жаңы эреже-мыйзамдары эл аралык студенттердин Британияга агылуусунун маанилүү себептеринен деп эсептешет. Уорвик университетинин басма сөз өкүлү Питер Данн быйыл Малайзиядан келген окуучулардын саны университетте 50гө өскөнүн айтып, маанилүү фактор катары америкалык визаны алуу кыйынчылыктарын атайт. “Айрым учурларда АКШ виза берүүдөн баш тартпайт, бирок “ооба” деп да жооп бербейт. Бул жактан алганда Британия жаштар үчүн жагымдуураак шарттарды түзгөн”, - дейт Данн мырза. Анын университетинде жакынкы чыгыштык 300дөй студент окуйт.

Ал эми Британиядагы кыргызстандык студенттердин санын билүү максаты менен Кыргызстандын Лондондогу элчилигинин кеңешчиси Майя Сабирдинага кайрылганыбызда төмөнкүдөй жооп алдык:

- Расмий маалымат боюнча, Британия өкмөтү бөлүп берген стипендия менен келип окугандардын саны жылыга 1-3 кишини түзөт. Калгандары болсо жеке жол менен келип, окуу акысын өздөрү төлөп окугандар. Биздин божомолдорубузга жана Британиянын Алматыдагы элчилигинин студенттик виза берүү жөнүндөгү маалыматына таянсак, ошондой окуучулардын саны - ушу тапта 3 миңдей.

Британиянын расмий бийликтери студенттер үчүн өлкөгө кирүү боюнча жаңы эрежелер киргизилбей турганын эскертүү менен катар, азыркы мыйзамдар күчөтүлүшү мүмкүн дешүүдө. Абитуриенттердин университетке кирүү арыздары болсо мындан ары дыкат текшерилип турмакчы.

Кыргыз элчилигинин кеңешчиси Майя Сабирдина британ тарап кыргызстандык студенттерге виза берүү ирээтин өзгөрттү дейт:

- Менин билишимче, Британия өлкөгө кирүүгө уруксат алуу процедураларын күчөттү. Анткени айрым окуу жайлары фиктивдүү студенттик визаларды берип жүргөнү ачыкка чыгып калды. Мындан ары виза Британдык Кеңештин каттоосунан өткөн окуу жайлары үчүн окуусун төлөгөн гана студенттерге берилет.

Айтмакчы, чет өлкөдөн келген студенттердин саны боюнча биринчилик алардын 81 пайызын түзгөн Сауди Арабияга таандык, андан кийин Нигерия, Бириккен Араб Эмираттары, Иран жана Кытайдын жаштары жайгашты.
XS
SM
MD
LG