Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Багдадда АКШнын аскер кызматкерлери жайгашкан мейманкананы ракета менен аткылашты


Багдад. Бүгүн таңга маал Багдаддагы АКШнын аскер кызматкерлери жана адистери жашаган мейманкананы ракета менен аткылашты. Бир америкалык адам набыт болуп, 15ке жакын адам жараат алганы кабарланууда. Мейманканада АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Вулфовиц да бар эле. Бактыга жараша ал, жабыр тарткан жок. анын айтымында, кандай гана кол салуулар болгон күндө да АКШ Иракты калыбына келтирүү иштерин уланта берет:

- Азыр Иракта туруксуздаштырууну көксөгөн кылмышкерлер, бул өлкөнү 35 жыл эзип келишти. Биз алардын массалык зомбулук дооруна чекит койдук. Бул жерде Ирактын эркиндигин, жаңыланууну кабыл албаган адамдар да бар. Биз алардын артынан түшөбүз.

Ирактын Фаллужа шаарына жакын жерде кетип бараткан жергиликтүү тургундардын автокербенинин жанында да жардыргыч зат жарылып, үч адам набыт болду. Эки киши жараат алды. Америкалык “Ассошиэйтед Пресс” агенттигинин билдиришинче, жарадар болгондордун бири -Иракта келишим менен иштеп жүргөн АКШнын атуулу.
Ал эми кечээ күнү Тикрит шаарына жакын жерде АКШнын аскердик тик учагы кыйроого дуушар болуп, бир учкуч жараат алды.
Апрель айында жабылган Багдаддагы Тигр дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө, калыбына келтирилип, ишке берилди.
Ирактын борборунда мусулмандардын ыйык рамазан айына байланыштуу коменданттык саат алынып салынды.

XS
SM
MD
LG