БИШКЕК. Бүгүн Аламүдүн районунун Байтик айлынын 50дөй тургуну айылдын жанындагы элге көрүнөө дөңсөөгө «Феликс Куловго боштондук!» деген жазууну ак таштар менен жазышты. «Мындай иш-чара «Арнамыс» партиясынын азыр абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловдун 29-октябрдагы туулган күнүнө карата уюштурулду. Акциянын башкы максаты - Куловду боштондукка чыгаруу талабына бийликтин жана коомчулуктун көңүлүн буруу», деп маалымдашты Куловдун тарапкерлери. Байтик айлынын айрым тургундары Феликс Куловдун туулган күнүнө карата былтыр да өз айлынан Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыгышкан. Милиция кызматкерлери аларды Бишкекке киргизбей күч менен кууп таратышкан.