"Союз ТМА – 2" кемесинин космонавттар түшкөн аппараты бүгүн эртең менен Казакстандын Аркалык шаарынан түштүк тарапта, мурда белгиленген жерге конду. Быйыл май айында конуучу аппарат күтүлгөн жерден 400 чакырымча алыс түшүп калгандыктан космонавттарды эки саатча издөөгө туура келген. Бүгүн Жерге кайтып келген орусиялык космонавт Юрий Маленченко менен анын америкалык кесиптеши Эдвард Лу орбитада алты айдан ашуун, ал эми Европанын космос агенттигинин өкүлү, испаниялык космонавт Педро Дуке бир апта болду. Ал эми Эл аралык космос станциясындагы ишти ал жерге 20 –октябрда барган орусиялык жана америкалык космонавтар Александр Калери менен Майкл Фоэл улантууда.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага