Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Кыргызстандын парламенттик делегациясы Словакияда болду, эми Чехияга жол тартат


БИШКЕК. Кыргызстандык студенттер Словакиянын жогорку окуу жайларынан билим алышы мүмкүн. Кыргыз студенттерине атайын квота берүү маселеси кечээ Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев Словакиянын президенти Рудольф Шустер жана словак парламентинин спикери Павол Грушовски менен жолугушкан учурда козголду. Бул тууралуу маалымат бүгүн Кыргызстандын Словакиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдон алынды. Анын кабарына караганда, бул жолугушууларда Кыргызстан менен Словакиянын ортосунда энергетика жана туризм боюнча кызматташтыкты өркүндөтүү тууралуу сөз болду. Кыргызстандын парламенттик делегациясы өз иш сапарын эртең Чехияда улантып, бул өлкөнүн Сенатынын президенти Петр Питхард менен жолугушат. А.Бөрүбаев Карлов университетинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы тууралуу дарс окуп, «Азаттык» радиосунун баш кеңсесинде болот.

XS
SM
MD
LG