Евразия интеллектуалдарынын Бишкек менен Чолпонатада өтүүчү жыйынына эки континенттин 8 өлкөсүнөн 70ке жакын белгилүү саясий жана маданий ишмерлер катышат. Талкууга алынчу маселе - глобалдашуу доорундагы улут маданияттарынын абалы, анын өткөнү менен бүгүнкүсү, келечеги. Жыйынды уюштуруу милдетин алган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Нургүл Керимбекова бул тууралуу мындай дейт:
- Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленип жатканын эске алып, жыйын Бишкекте өтмөй болду. Отурумдун экинчи бөлүгү Чолпонатада өтөт. Бул жерде байыркы кыргыз маданиятынын Евразия маданияты менен карым-катышы тууралуу сөз болот. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаралышы, өнүгүш этаптары, калыптаныш маселелери да талкууга алынат.
“Евразия диалогу” платформасынын баш катчысы Эркам Туфан интеллектуалдар жыйынын чакыруунун максатын мындайча түшүндүрдү:
- Глобалдашуу мезгилинде Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн маданиятына кыйын болууда. Анын келечеги кандай, жоголуп кетеби же башкаларга сиңип кетеби - муну эч ким билбейт. 2200 жыл жашап келген кыргыз маданияты дагы 20 жыл бар болобу?.. Евразия мамлекеттериндеги интеллектуалдардын көңүлүн мына ушул маселеге буруп, бүгүнкү проблеманы биргелешип чечиш үчүн чогуу аракеттенүүгө чакыруу - жыйындын негизги максаты.