Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Жакынкы Чыгыштагы соңку абал


Палестинанын премьер-министри Ахмед Корейи радикал топторду Израил менен ок атышууну токтотууга көндүрүү үчүн жакын арада Газа тилкесине барат. Бул жөнүндө премьер өзү билдирди.
Ал эми Израил радиосунун маалымдашынча, Иордан дарыясынын батыш жээгинде куралчан бир адам израилдиктердин автомашинасына ок ачып, кеминде бир киши жараат алды.
Ага чейин Израил армиясынын радиосу палестиналык бир киши жөөт аскерлери тарабынан өлтүрүлгөнүн, дагы бирөө жарадар болгонун маалымдаган эле. Палестинанын коопсуздук органдары өлгөн адам Ислам Жихады тобунун мүчөсү экенин билдирди. Жаракат алган киши Израилдин түрмөсүнө жеткирилди. Инцидент болгондо алар куралчан беле же жокбу, ачык айтылган жок.

XS
SM
MD
LG