Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

ОРУСИЯ: ДАГЫ ОН БИР КЕНЧИ КУТКАРЫЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 29-октябрда Россиянын Ростов областындагы кен шахтасында камалып калган кенчилердин 11и аман-эсен куткарылды. 12-шахтер өлүү табылды. Шахтада камалып калган 13-кенчини издөө уланып жатат.

Ростов областындагы Западная шахтасында өткөн бейшемби күндөн бери камалып отурган шахтерлор куткарылды. Тилекке каршы кенчилердин бирөө өлүү табылды, дагы экөөнүн ахвалы өтө оор. 29-октябрда таң алдында табылган шахтерлорду адегенде куткаруучулар тешкен өткөөл аркылуу танапташ жайгашкан шахтага чыгарып, андан соң замбилдер менен жердин үстүнө көтөрүп чыгышты. Кенчилер Новошахтинск шаарчасынын ооруканасына, ал эми ахвалы оор шахтерлор Ростовдун облустук ооруканасына жеткирилди. Жолдошторунан адашып, суу каптаган шахтанын башка бир жеринде калган Сергей Ткач деген шахтерду издөө уланып жатат. Шахтерлордун айтымында, ал шахтага суу кирип жаткан жерди көрүп келем деп кетип, дайынсыз жок болгон. Сергей Ткачтын үй-бүлөөсү анын аман-соо экенине ишенет жана жары Любовь жолдошунун аманчылыгын тилеп, Кудайга күндүр-түндүр жалбарып жатышканын айтат.
Кырсык Ростов облусунун Западная шахтасында өткөн бейшембиде болгон. Шахтаны капилеттен эле жер алдындагы суу каптай баштаган. Бул маалда забойдо 71 киши бар эле. Алардын 25и кырсык болоору менен жер үстүнө чыгып кеткенге үлгүрүшкөн. Калган 33 киши болсо тездик менен кирип жаткан суудан өтө албай, 800 метр тереңдикте камалып калышкан.

Кырсык болоору менен келген куткаруучулар адегенде сууну сордуруп салганга аракеттенип көрүшкөн, бирок саатына 27 кубометр ылдамдык менен келип жаткан сууну сордуруп чыгаруу, же бууп, же жыгып салуу мүмкүн эмес экенине көзү жеткен соң, алар шахтерлор жашынган штректи карай эки өткөөл салууну чечишкен.

Тыным албай иштеген куткаруучулар тонналаган кенди бургулап отуруп, эки күндөн кийин шахтерлор камалган штрекке эки өткөөл салышкан. Анын натыйжасында, өткөн ишембиде 33 шахтер аман-эсен куткарылып, жер үстүнө чыгарылды. Ошондон бери куткаруучулар шахтанын башка жеринде камалып отурушкан 13 шахтерду издөө менен алек болушту.

Шыргалаң муздак суунун тыным албай келип турганы белчеден сууда жүргөн бургулоочулардын чыдамын кетирип, бургулоого тоскоол болду. Анын үстүнө, камаланган шахтерлордун болжолдуу турган жерин да аныктоо кыйын эле. Анткени өткөн ишембиден бери кенчилердин табышы куткаруучуларга такыр угулбай калган.

Төрт күн бою кенди тынбай бургулап отуруп, акыры шаршембиге караган түнү шахтерлор жашынган штрекке кирип келген куткаруучулар, анын ичи ээн экенин көрүп шалдая түшкөн. Бирок ал кооптуу жерден кете берээрде шахтерлор өздөрү багыт алган жакты көрсөтүп, дубалдарга жазуу калтырып кетишкен экен. Аны ээрчип жүрүп отурган куткаруучулар камалып калган кенчилерди бат эле таап алышкан. Тирүү табылган 11 шахтердун көпчүлүгүнүн ахвалы канааттандыраарлык. Абалы өтө оор болгон бир кенчиге медиктер жер алдынан дары сайып, жардам беришти. Кенчилердин бирөө, тилекке каршы, өлүү табылды. Алдыда айтылгандай, дайынсыз жок болуп жаткан Сергей Ткач деген шахтерду издөө уланууда.

Россиянын эскилиги жеткен, жабдууларынын 90 проценти ондогон жылдардан бери жаңыртылбай келаткан кен шахталарында кырсыктар өтө көп болот. Ростов облусундагы шахтадагы кырсыкка удаа 29-октябрда Приморьедеги Центральная шахтасында метан газы жарылып, андан, бери дегенде, беш кенчи курман болгондугу маалымдалды. Бир нече кенчи оор жаракат алышкан. Бул каргашалуу кырсык Россиянын Ыраакы Чыгышындагы Партизанск шаарынын кен шахтасында болду.

XS
SM
MD
LG