Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

ХАКАСИЯГА ЧУРКАП БАРГАН ЖӨӨ КҮЛҮК, КОРРУПЦИЯ, «КЫРГЫЗТЕЛЕКОМДУН» БААСЫ, ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР ЖЫЙЫНЫ


Президент А.Акаев Евразия интеллектуалдарынын Бишкекте башталган форумунда сөз сүйлөдү. Ал кыргыз дарыгерлерине белекке берилген германиялык 25 “тез жардам” машинелерин жер-жерлерге жөнөтүү аземине катышты. Чегара кызматкерлерине мамлекеттик туу тапшырды. Ири мамлекеттердин Борбор Азияга байланган геосаясий кызыкчылыктары кандай? Хакасияга жөө чуркап барган кыргыз жигити Грекиядагы Олимпиаданы куттуктап чуркоого даярданып жатат. “Кыргызтелеком” канчага бааланды? Өкүмзор бийликтин курмандыгына чалынгандардын саны канча?

Президент А.Акаевдин өтүп бараткан апта ичиндеги расмий иш-чараларга катышканы жума күнү жарыкка чыгуучу “Слово Кыргызстана” гезитинин апталык тиркемесинде чагылдырылмакчы. Евразия интеллектуалдарынын жыйынына катышып, сөз сүйлөгөн президент глобалдашуунун салакасы улут маданияттарына сөзсүз тиерин, ошондуктан аны утурлап чакан өлкөлөр чоң сыноого эмитен даяр турушу эп болоорун белгиледи.

30-октябрда жамы дүйнө калкы саясий куугунтуктун капшабында калгандардын арбагын эскерет. Коммунисттик өкүмзор бийлик тушунда “эл душманы” аталып, ак жеринен күйүп кеткен кайрандардын бала-чака, урук-туугандары арадан кыйла жыл өткөн соң адилеттик издеп келишээрин бейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазды. 1921-жылдан 1953-жылга чейин, так эмес маалыматтарга караганда, 6 миллионго жакын адам камакка алынган. СССР заманында саясий куугунтуктан 10 миллионго жакын адам курман болгон.

Коопсуздук кеңешинде чоң сөзгө алынган электр энергиясын уурдоого каршы энергетиктердин аракетинен азырынча майнап чыга электиги ушул эле гезитте маалымдалган.

Техникалык себептин айынан өз маалында чыкпай калган “Общественный рейтинг” гезитинде “Кыргызстан аба жолдору” компаниясынын жетекчиси Акылбек Жумабаевдин, Ысыккөл облусунун губернатору Эмилбек Анапияевдин маектери жарыяланууда. Ири өлкөлөрдүн Борбор Азиядагы геосаясий кызыкчылыгы, Кытай, Орусия, Америка Кошмо Штаттарынын саясий ишаара, аракет-кыймылдары кандай багытта жүрүп жаткандыгы Сыргак Абдылдаевдин макаласында талдоого алынат. Б.Марипов менен Ж.Байгуттиев Европа парламентинин Кыргызстандагы адам укуктарын сактоо, Феликс Куловду боштондукка чыгаруу талабын, ага карата Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн талдоого алышкан.

Кыргызстандагы коррупция жума күнкү “Кыргыз руху” гезитинде жарыяланчу Болотбек Калемовдун “Алданбаган, кармалбаган, айыкпаган “дарт”” деген макаласында талдоого алынган. Гезитте Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн урматына Жалалабаддан Хакасияга чейин 6000 чакырым чуркаган жөө күлүк Жеңиш Жумалиевдин маегине орун берилген. Эмдиги жылкы Олимпиаданы утурлап, “Грекияга чейин жөө чуркап барып келсем деген оюм бар”, дейт Жеңиш мырза. “Кыргызтелекомдун” акциялары чет өлкөгө сатылып, бааланган 15,6 млн. доллардын 3 миллиону гана нак төлөнүп, калганы 3 жылга чейин төлөнөөрү парламент депутаты Жаныш Рүстенбековдун маегинде маалымдалат. «Оголе көп укукка ээ болгон чет элдик компания жеке ээлигин орнотуп алса, андан мамлекет гана зыян тартат» деп эсептейт Ж.Рүстенбеков. Мамлекет кирешесин көбөйтүп, чыгашасын азайтмайын экономикалык өсүшкө жете албастыгы депутат Акылбек Жапаровдун ушул эле басылмада жарыяланып жаткан маегинде маалымдалат.

Жума күнү жарыкка чыкчу “Агым” гезитинде жарыяланчу урунт материалдарды басылманын башкы редакторунун орун басары Аскер Сакыбаева айтып берди:

- Мамат Сабыровдун азыркы учурдагы сот процесстери тууралуу макаласы жарык көрүүдө. Анда сотко берүү процесси, сотко берүүнү бизнеске айлантып алган адамдар тууралуу сөз болот. Алым Токтомушевдин Салижан Жигитов менен биздин гезитте сандан-санга жарыяланып келаткан “От дегенден ооз күйбөйт” аттуу маеги да жарыяланууда. Салижан ага тил проблемасын абдан жакшы ачып берген.

“Аалам” гезитинин жума күнкү санында кандай материалдар жарыяланаарын басылманын башкы редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындайча баяндады:

- “Ааламдын” жума күнкү санында криминалдык авторитет Рысбекти колдогон 600дөн ашуун адамдын кол койгон кайрылуулары чыкканы жатат. “Арнамыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов жөнүндө материалыбыз жарыяланып жатат. Ошондой эле үрөн, дыйканчылык тууралуу академик Ж. Акималиевдин маеги жарыяланууда.
XS
SM
MD
LG