Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

ГРУЗИЯДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН “ТӨЛГӨСҮ”


Жекшемби күнү Грузияда парламенттик шайлоо болот. Байкоочулардын айтымында, шайлоодо бир да партия басымдуу көпчүлүк добушка ээ болуп, парламентти жеке башкарып калбайт. Грузиндер арасында шайлоодон кийин коңшулаш Азербайжандагы сыңары кагылышуулар болушу ыктымал деген чочулоолор бар.

Грузияда 2-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого 22 партия менен бирикме катышат. Байкоочулардын айтышынча, алардын бешөө гана 7 проценттен кем эмес добуш алып, парламентке кириши ыктымал.

Шайлоо 11 жылдан бери Грузияны башкарып келаткан жана 2005-жылы бийлик мөөнөтү аяктоочу президент Эдуард Шеварднадзе үчүн өтө маанилүү. Себеби, жаңы парламент өткөөл мезгилдин саясый эрежелерин иштеп чыгып, Шеварднадзенин тактыдан соңку тагдырын аныктайт.
Шайлоо Шеварднадзенин тобун бийликтен кетирүүнү көздөгөн грузин оппозициясы үчүн да маанилүү.
75 жаштагы Шеварднадзе конституцияны бузуп, үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланбасын үзбөй айтып жүрөт.

Тынчтык, демократия жана өнүгүүнүн Кавказ институтунун башчысы Гия Нодия 2-ноябрдагы шайлоо Грузия үчүн чоң сыноо болот деген пикирде:

- Грузияда бийлик шайлоо аркылуу алмашуусу мүмкүнбү? Муну алдыдагы шайлоо көрсөтөт. Акыркы айларда Арменияда, өзгөчө, Азербайжанда өткөн шайлоо бийликтин чыр-чатаксыз өткөрүп берүү жөнөкөй суроо эмес экенин тастыктады. Коңшу өлкөлөрдө болгон окуяларга карабай, Грузияда бийлик шайлоонун негизинде алмашат деген үмүт бар.

Гиви Нодия бейөкмөттүк институттун башчысы.
Армениядагы жана Азербайжандагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары өтүп, демонстранттар менен полиция кагылышкан.
Президент Шеварднадзе дүйшөмбү күнкү радиокайрылуусунда оппозицияны шайлоодон кийин калаба салуудан этият болууга чакырды:

- Бийликтер мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде шайлоо комиссияларында бейстабилдүүлүк, тирешүү жана чатак чыгышына жол бербейт. Биз (оппозициялык) күчтөрдүн көчөлөргө агылып чыгышына жол койбойбуз. Тартип, темирдей тартип сакталышы керек...

Эдуард Шеварднадзе он күн мурда жаңыдан Азербайжан президенти шайланган Илхам Алиевдин оппозициячыл күчтөрдүн демонстрациясын айоосуз басканын жактагандан улам, грузиялыктарда бийликтер оппонентерине каршы күч колдонуудан жазганбайт деген пикирлер пайда болгон.

Грузиялык айрым талдоочулар жекшемби күнү шайлоо өткөндөн кийин Тбилиси шаардык кеңешинин төрагасы Михайл Саакашвили ири толкундоолорду баштайт деп боолгошот.
Мурдакы юстиция министри Саакашвили башындагы Улуттук кыймыл соңку кезде “Грузия Шеварднадзесиз” деген ураан астында, коррупцияга каршы өнөктүк баштаган. Бул кыймыл шеварднадзечил “Жаңы Грузия” биримдигин добуш берүүнү бурмаламак болууда деп күнөөлөп, бир нече демонстрация да уюштурган.
Саакашвили башындагы кыймыл калктын жарды бөлүгү жана студенттер арасында өтө популярдуу.

Адилеттүү шайлоо жана демократия үчүн эл аралык коомунун кеңешчиси Нугзар Купрейшвилинин байкашынча, өкмөтчүл жана оппозициячыл талапкерлер арасында 1999-жылкы шайлоого салыштырганда көп деле өсүш жок. Анткен менен, бийликтердин мурдакыдай оппозицияга бут тоскону байкалбайт дейт өкмөттүк эмес уюмдун эксперти:

- Шайлоо алдындагы жагдай биз мурда көргөндөн бир кыйла айрымаланып турат. Мисалы, бийликтер 1999-жылкыдай, оппозициячыл партияларды шайлоого катыштырбоо үчүн бардык тоскоолдуктарды, анын ичинде аскерий техниканы колдонбоду.

Сурамжылоолорго караганда жана талдоочулардын боолгошунча, шайлоодо Саакашвили башындагы Улуттук кыймыл, парламенттин төрагасы Нино Буржанадзе айым жетектеген коалиция, Аджар президенти Аслан Абашидзенин Демократиячыл кайра жаралуу союзу болуп беш партия мандатка ээ болот жана алардын айрымдары Шеварднадзеге каршы биригиши мүмкүн.

Талдоочулар 2-ноябрдагы шайлоого парламенттеги орундарды азыркы 235тен 85ке азайтуу жөнүндөгү сунуш да коюлгандыктан, добуш берүүгө грузиялыктар өтө жандуу катышышат. дешет. Сунушту көпчүлүк эл колдосо, Грузиянын келерки парламентинде 150 депутат болот.

XS
SM
MD
LG