Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:53

АКЫН ТҮМӨНБАЙ БАЙЗАКОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ


Кыргыздын көрүнүктүү акыны Түмөнбай Байзаковдун 80 жылдыгы белгиленгени турат. Түмөнбай Байзаков 20дан ашуун поэтикалык ыр жыйнактарын чыгарып, сейрек талант Барпынын чыгармаларын эл арасынан чогултуп, басып чыгарууга чоң эмгек сиңирген.

Белгилүү акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркумТүмөнбай Байзаковдун чыгармачылыгы тууралуу кебибизди алгач кыргыз элинин жандүйнөсүндө кыргыз гимни катары жашап калган «Кыргыз жери» аттуу ыры менен баштайлы.

Алатоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде,
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн,
Сулуусуң кыргыз жери ырдан бүткөн.

Ысыккөл-жердин көзү, кырлар-кашы,
Адырлар-көкүрөгү, токой-чачы,
Дайралар-кан тамыры, чоку-таажы,
Седеби, топчулары-ар бир ташы…
Кең түздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде,
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде -
Көркүңө көрк кошулат кыргыз жери,
Сезилет ата мээри, эне мээри.


Ооба, акын Түмөнбай Байзаковдун жөнөкөй, бирок терең ыкластан жаралган был ыры жөнүндө акын Токтосун Самудинов жазгандай, «Ала тоо ак калпагын кийген кезде, аскасы көк асманга тийген кезде» деген саптар музыканын коштоосунда жаңыра баштаганда, жүрөгүбүз бир башкача кубанычтуу сезимдерге балкып, касиеттүү Ала тоонун кулуну экенибизге сыймыктанып кетебиз.

Жакында акын Түмөнбай Байзаковдун 80 жылдык мааракесине арналып, «Сулуусуң кыргыз жери ырдан бүткөн» деген ат менен акындын тандалган ырларынан турган көлөмдүү жыйнагы жарык көрдү. Акындын мына ушул жыйнагынан «Учкум келет турналарга кошулуп» деген ырынан үзүндү угалы:

Учкум келет турналардан калбастан,
Уч-кыйырсыз кең асмандын жолунда,
Тоолор көрсүн чокуларын кар баскан,
Туңгуюкка көтөрүлүү сонун да.

Учкум келет каркырага кошулуп,
Улам тарап күндүн жарык нурларын,
Айткым келет башкалардан озунуп,
Ааламдагы укмуштардын сырларын.


29-октябрь күнү акындын 80 жылдык мааракесин утурлап, Эркиндик сейилбагында жайгашкан үйүнө акындын сүрөтү чегилген мемориалдык тактачаны коюу салтанаты болуп өттү. Акын Түмөнбай Байзаковдун кыргыз адабиятындагы орду жөнүндө Кыргызстан жазуучулар Союзунун төрагасынын орун басары, белгилүү акын Маркабай Ааматов мындай деди:
- Түмөнбай Байзаковдун 80 жылдыгын белгилөөгө тууралуу өкмөт буйрук чыгарып, мааракеге карата даярдыктар жүрүп жатат. Мына бүгүн акындын жашаган үйүнө мемориалдык такта коюлуп жатат. Тандалган ырларынан турган китеби да чыкты. Кыргыз элинде акындын 20дан ашуун ыр китептери, котормолору калды. Айрыкча Түмөнбай Байзаковдун улуу Барпынын чыгармаларын чогултуп, басып чыгаруудагы эмгеги чоң. Түмөнбай Байзаков кыргыз адабиятында орду чоң акын».

Түмөнбай Байзаков - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Акындын өмүр-тагдыры туш келген ушул согуш – акынды өмүрү өткөнчө түйшөлтүп, урпактарга кайрылган канчалаган ырларды жаздырды. Бирде акын:

Өтсө да отуз беш жыл андан бери,
Бүтсө да тырык болуп тийген жери,
Камалып жата берсин акыректе,
Кетейин алып аны акыретке, –
деп ырдаса, бирде:

Ойлон адам, аракеттен күнү-түн,
Оомат тайып жер ойрону чыкпасын,
Ырга айлантып ырыстуулук үмүтүн,
Ымыркайлар ыйлабастан уктасын, -
деп ырдап, жан дүйнөдөн сызылган керез калтырды урпактарга.

Түмөнбай Байзаковдун махабат темасындагы «Кар бетине жаздым кат» аттуу көркөм элестүү ырынан бир шиңгил:

Кыял менен сылап кара чачыңды,
Кайра-кайра кайталаймын атыңды.
Кандай кылам, карыш узап кеталбай,
Карга жаздым сага арнаган катымды.
Кокус көрбөй күнгө өчүртүп койбогун,
Кар бетине жазган ушул катымды.
XS
SM
MD
LG