Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУНУН МЕМОРАНДУМУ ДАЯР


Сапар Орозбаков, Бишкек Эл аралык Валюта Фондунун ушу тапта Бишкекте жүргөн кезектеги миссиясы жекшемби күнү адатка айланган меморандумду түзүүнүн үстүндө иштеди. Ал дүйшөмбү күнү эртең менен даяр болуп, Кыргызстандын жетекчилерине таркатылып берилет.

Меморандумда текшерүүнүн жыйынтыгы чагылдырылат жана «Жакырчылыкты азайтуу жана өнүгүүгө өбөлгө түзүү» аттуу программанын акыркы, үчүнчү жылына коюла турган милдеттер белгиленет.

- Мен дүйшөмбү күнү эртең мененки убактан баштап түшкө чейин бул меморандумду таратып берүүгө жетишебиз деп ойлойм, - деди миссиянын жетекчиси Тапио Саавалайнен.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасынын азыркы абалы жакшы. Миссиянын болжолунда, ички дүң продуктунун өсүш темпи жыл аягында 5,2% жетиши мүмкүн. Бирок миссия эгиндин баасы өсүп атканына жана бюджеттин тартыштыгы коюлган чектен чыгып кеткенине тынчсызданат. Т.Саавалайнендин айтуусу боюнча, Финансы министрлиги 4-кварталда бюджеттин чыгаша бөлүгүн азайтууга тийиш. Ал эми келерки жылга коюла турган милдеттер жөнүндө болсо, Саавалайнен «Кыргызстандын жетекчилиги менен өз ара түшүнүшүүгө жетиштик» деди. Миссия өз ишин 6-ноябрда аяктайт. Ага чейин ал меморандумда белгиленген иш-чараларды тиешелүү органдар менен дагы бир жол тактап чыгат.

XS
SM
MD
LG