Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

ЕВРОПАЛЫКТАР ИРИДЕ ИЗРАИЛДЕН КООПТОНУШАТ


Европалыктардын басымдуу бөлүгү Израилди дүйнөдөгү стабилдүүлүккө эң көп коркунуч туудурган өлкө деп эсептейт. Жакында Европа Биримдигинин калкы арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо ушундай жыйынтык берди. Израилдин бийликтери сурамжылоонун жыйынтыктарын кыжырдануу менен кабыл алганын жашырган жок. Евробиримдиктин жетекчилиги да бул уюмдун көз карашы эмес экенин билдирүүдө. Ал эми АКШнын аталган сурамжылоодо Түндүк Корея менен Иранга теңештирилишин эксперттер Вашингтондун Ирак саясатына байланыштырышууда.

Сурамжылоо октябрь айында Евросоюздун аткаруучу органы- Еврокомиссиянын заказы боюнча жүргүзүлгөн эле. "Евробарометр" деп аталган программанын алкагында өткөрүлгөн сурамжылоого биримдикке кирген өлкөлөрдүн баарынан 7,5 миңден ашуун адам тартылган. Бул бөлө келгенде ар бир мамлекеттен 500 адамдан дегенди билдирет. "Кайсы өлкөнү дүйнөдөгү стабилдүүлүккө көбүрөөк коркунуч туудурат деп эсептейсиз" деген суроого жооп катары сурамжылоого катышкандардын 59% Израилди аташкан. Ал эми экинчи орунга 53% көрсөткүч менен Түндүк Корея жана Иран, ошондой эле аталган мамлекеттерди өзөктүк курал программасын жашыруун өнүктүрүп жатканы үчүн айыптап жүргөн АКШ чыкты. Вашингтон террорчуларды калкалагандардын катарына кошкон Сирия жана Ливияны сурамжылоого катышкан европалыктардын 36-37% гана глобалдык тынчтыкка коркунуч туудурган өлкөлөр деп эсептейт. Орусия, Кытай, Индияга мындай бааны европалыктардын 30% процентке жакыны берген. Израилге карата ишенбөөчүлүк өзгөчө Австрия, Голландия, Люксембург жана Германияда күчтүү. АКШга карата ишенбөөчүлүктүн деңгээли болсо Вашингтондун салттуу өнөктөштөрү катары саналган Голландия, Испания, Британияда жогору экен. Ал эми эң жогорку көрсөткүч Грецияда катталды. АКШдан грециялыктардын 88% кооптонушат.

Айтор жогорудагы сурамжылоонун жыйынтыктары Израилде, АКШда да эмоционалдуу кабыл алынды. Израилдин расмий өкүлдөрү алтурсун кыжырдануусун жашырышкан жок. Алар бул европалык маалымат каражаттарында Израил жөнүндө терс образ түзүүнүн, тынчтык жана коопсуздук үчүн күрөштү туура эмес чагылдыруунун натыйжасы деп эсептешет. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Адам Эрели сурамжылоо ага катышкан европалыктар АКШнын ролун "реалдуулуктан өтө эле алыс" түшүнөөрүн көргөзгөнүн белгиледи. Эксперттер европалыктардын АКШга карата азыркы терс мамилеси көбүнесе Ирактагы окуялардан, Вашингтон менен Лондондун Ирак кризисин чечүүдөгү бир тараптуу аракетинен чыкты деген пикирде. Германиянын Гамбург шаарындагы Жакынкы Чыгыш институтунун эксперти Хеннер Фөртиг мындай дейт:

- Менимче бул - аздыр-көптүр согуш алдындагы бардык тынчыздануулардын ырасталышы. Европанын негизги малымат каражаттарынын баары, көптөгөн саясатчылар Вашингтон администрациясына согушту баштоодон мурда жети өлчөп, бир кесүүнү эскертишкен. Эми алар туура болгонун сезишүүдө.

Сурамжылоого катышкан европалыктардын үчтөн экисинен бир аз көбүрөөгү Иракка кол салуу өзү актаган жок деп эсептешет. Жарымынан көбүрөөгү өз өлкөлөрү Иракты калыбына келтирүүгө жардам беришин каалайт, 43% Ирактагы коопсуздукту Улуттар Уюму жана көп улуттуу күчтөр камсыздашы керек, 5% гана бул милдети АКШга жана анын өнөктөштөрүнө берүү зарыл деген пикирде.
Европа Биримдигинин жетекчилиги болсо, сурамжылоонун жыйынтыктары уюмдун көз карашын чагылдырбашын айтууда. Бул тууралуу уюмда азыр төргалык кылган Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттини билдирди. Анткен менен Еврокомиссиянын өкүлү Томас Герассимос дүйшөмбү күнү кабарчылар менен болгон маегинде сурамжылоонун жыйынтыктары саясатта эсепке алынышы мүмкүн экенин жокко чыгарбады:

- Албетте биздин саясат бир нече факторду эсепке алат. Менин ишенимимде, биздин саясат акырындык менен өнүгүп жаткандыктан ал информациянын бардык түрүн, анын ичинде ушул информацияны да эсепке аларын сиздер байкайсыздар.

Айрым байкоочулар Европа Биримдигинин дипломаттары чын эле кыйын-кычык абалда калганын эскертишүүдө. Эгер алар өз ишинде сурамжылоонун жыйынтыктарын эске албаса, калк менен саясатчылардын көз карашы ортосунда чоң ажырым чыгат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG