Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

700дөн АШУУН ЭСТЕЛИК, УЯЛБАС КОРРУПЦИЯ, ЖЫЛКЫ ЧАРБАСЫ


Кыргыз жазуучулары тарыхый инсандардын өмүр жолун баян кылган 150дөн ашуун роман, повесть, дастан, драма жазып, социализм тушундагы “терс” каармандар оңго айланып чыга келишти. Республика боюнча кийинки жылдары 700дөн ашуун эстелик орнотулду. Анткен менен мектеп жашындагы балдардын 3% жакыны окууга бара алышпайт. Президенттин кадр саясаты, “Азаттыктын” жарым кылымдык мааракеси тууралуу материалдар да кыргыз басылмаларында жарык көрүүдө.

Маданият маселеси өкмөттүк жыйында сөзгө алынганын шейшембидеги «Агым» гезитинде Жолдошбек Зарлыкбеков жазды. “Акыркы беш жыл аралыгында,- дейт Ж.Зарлыкбеков, - мурда эмнени жазаарын билбей калеми колунан түшүп калган жазуучулар баатырлар менен кечээки парткызматкердин өмүрүнө арнаган 146 наамдагы роман-повесттерди, 32 драма жазып жиберишиптир”. Театрларда оң каарман тейинде кандар менен уруу башчыларынын образдары чыгып атса, өлкө боюнча 700дөн ашуун көрүнүктүү деген инсандарга эстеликтер орнотулган. “Ошо баатырдын өңү окшошобу, окшошпойбу? Чампаламай күч алды. Ит куугансып шашыла эстелик орноткондор мындан көп”, деп жазат макала автору.

“МСН” гезитинин жаңы санында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин “Менин керегим башка команда келгенде тийиши мүмкүн” деген аталыштагы маеги жарык көрдү. Анын айтымында, кийинки кездери жооптуу кызматка кыйбас адамдарды гана коюшууда. Ушу тапта коррупция тууралуу оголе көп сөз айтылат, ага каршы күрөштүн натыйжасы көрүнө элек. М. Иманалиевдин пикиринде, коррупцияны “жаман” дегенден эч нерсе өзгөрбөйт, түшүнүксүз комитет түзгөндөн көрө коррупциячыга каршы кылмыш ишин козгоп, конкреттүү иш жасоо зарыл. Эстелик коюу темасына бул гезитте Замир Өсөров кайрылган. Автордун пикиринде, эстеликке жер талаш эми дагы күчөшү мүмкүн.

“Канттагы авиабаза сөзсүз болуш керек, - деп жазат Бегиш Ааматов шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезитинде. - Бул эч кандай колония болуу эмес, андан биз эч деле эгемендүүлүгүбүздү жоготуп калган жерибиз жок. Биздин суверендүү мамлекетибиздин бөлөк мамлекеттер менен байланышын “колония болду” деп кыйкырыштын эмне кереги бар?”

Ушул эле басылмада президент А.Акаев Атбашы менен Нарында болуп, казалчы Казыбектин, Ажыбек баатырдын эстеликтерин ачуу салтанатына катышканы тууралуу репортажга орун берилген. Жылкы тукумун көбөйтүү проблемасы Б.Шабданалиевдин “Камбарата тукумунун келечеги кандай?” деген макаласында козголгон. Автордун маалыматы боюнча, кийинки жылдары жылкыны Казакстанга сатуу күчөп кетти. “Күргүштөтүп үйүр-үйүрү менен кошуна өлкөгө ушундай темп менен сатып олтурсак, жылкы баласы калбай калат го?” деп суроо коет автор. Айтса, президенттин Нарын жергесинде болуп, андагы шаң-салтанаттарга катышканын, Коопсуздук кеңешинде сөз болгон электр энергиясын уурдоого облус губернаторлору кантип бөгөт коюп жатышканын шейшембидеги “Эркинтоо” гезити да маалымдады.

“Аалам” гезитинин шейшембидеги санында “Азаттык” үналгысынын жарым кылымдык мааракесине байланыштуу материалдарга орун берилген. ““Азаттык” үналгысынын бул чоң салтанатын Тарых музейинде белгилөө күтүлүп жатты эле, - дейт гезитте жарыяланган маегинде үналгынын Бишкек бюросунун директору Кыяс Молдокасымов. - Бийлик тарабынан кандайдыр бут тосуулар болсо керек, ал жерге өткөрүүгө уруксат берилген жок. “”Азаттык” үналгысы жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги” деген чоң жыйын “Хайат Риженси Бишкек” мейманканасынын конференция залында өткөрүлөт”.

Кыргызстандагы үрөн чарбачылыгынын азыркы абалы академик Жамин Акималиевдин ушул эле гезиттеги маегинде козголгон. Анын айтымында, Дыйканчылык институтуна караштуу 25% жердин болгону 6% калтырып, калганын алып коюшкан. Кыргызстанда 210 үрөн чарбасы бар. Аларда адис, шарт, технология жок, ошондуктан сапаттуу үрөн чыгара алышпайт. Ж.Акималиевдин айтымында, өлкөдө артыкбаш кызмат орундар, той-топур көп. Анткен менен айыл чарба илимине көңүл бурулбайт.

Кыргызстандын парламенттик делегациясынын Чехия менен Словакияда болгон иш сапарынын жыйынтыгына шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити атайын макала арнады.

Кыргыз медицина академиясынын жамааты окуу жайынын ректорунун кызматтан алынышына макул эместигин, өкмөткө жана парламенттин спикерлерине кайрылуу кат даярдап жатышканын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” маалымдады.
XS
SM
MD
LG