Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

БИШКЕКТЕ ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА СУУ РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШТЫК ПРОБЛЕМАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНУУДА


Борбор Азияда энергетика жана суу ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча кызматташтык проблемалары Бишкекте 4-ноябрда башталган эл аралык конференцияда талкууланууда. Бул конференция Бириккен Улуттар Уюмунун «СПЕКА» программасынын алкагындагы үч жылдык долбоорду жыйынтыктоого арналып, ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн тиешелүү тармак адистери жана эл аралык уюмдардын жоон топ өкүлдөрү катышып жатышат.

Эл аралык конференцияда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, БУУнун «СПЕКА» программасы боюнча Кыргызстан өз долбоорун Борбор Азияда алгачкылардан болуп жыйынтыктады. Үч жылдан ашык мөөнөттү камтыган бул долбоордун алкагында Борбор Азияда сууну, энергетиканы сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча аймактык кызматташтыктын стратегиясы кабыл алынды. «Бул суу жана энергетика багытында региондун кызматташтыгын аныктаган, Борбор Азияга пайда алып келе турган жолду көрсөткөн алгачкы конкреттүү иш болду» дешти конференциянын катышуучулары. Ал эми долбоорду ишке ашыруунун башатында турган Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Уларбек Матеевдин айтымында, төрт өлкө колдоп берген бул стратегия азыртан эле өз жемишин бере баштады:

- Орто Азиянын төрт өлкөсүнүн өкмөтү бул стратегияны колдоп берди. Кыргызстанга бул эмне берет? Мисалы, биз быйылтан баштап Орусияга электр энергиясын экспорттоп атабыз. Аны 810 млн. киловатт-саат кылабыз. Азыр Дүйнөлүк Банк менен жолугушуулар болуп атат. Мүмкүн эмки жылы биздин энергия Ооганстанга бара баштайт. Келечекте, 2005-жылы, мүмкүн Кыргызстандын ашык энергиясы Иранга барышы мүмкүн. Иран 2005-жылга чейин жогорку чыңалуудагы эки электр линиясын курат. Ошол линия боюнча биз Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу биздин энергияны жайкы убакта Иранга сата баштайбыз. Стратегиянын алгачкы жемиштери - ушулар.

Стратегияны иштеп чыккан эл аралык эксперттердин бири, Орусиянын президентинин алдындагы Мамлекеттик кызмат академиясынын профессору Ирина Краснованын маалыматы боюнча, бул стратегия суу жана энергетика ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу багытында регионалдык кызматташтыктын бардык өңүттөрүн камтыды. Алардын катарында мамлекет аралык мамилелелердин экономикалык механизмдери, жаратылышты коргоо, сууну, энергетиканы пайдаланууну ыңгайлаштыруу өндүү маселелер бар. Стратегияда аны ишке ашыруунун үч баскычы белгиленген. Аткаруунун чукул, орто жана узак мөөнөттөрү жалпысынан 20 жылды камтыйт.

«Региондо суу менен энергетиканы пайдалануу боюнча иштелип чыккан документтин негизинде эми өлкөлөр өз ара макулдашууларды кабыл алышы керек» дешет эксперттер. Ага таянып ишке аша турган стратегия региондун стабилдүү өнүгүшүн шарттайт. Профессор Ирина Краснованын пикиринде, аймакта сууга жана энергетикага байланыштуу азыркы ич ара талаш-тартыш жараткан маселелерди жоюга стратегиянын кубаты жетет. Башкача айтканда, стратегияда камтылган кызматташтыктын экономикалык өңүтү талаштуу маселелерди ыраатташтыруу максатын көздөйт.

- Стратегияны иштеп чыгууда суу берүү тармагындагы экономикалык мамилелердин акча түрүндөгү же кандайдыр бир өз ара алмашуу жолунун мүмкүнчүлүктөрү иликтенди, - дейт Краснова. – Мындан тышкары, стратегияда суу сактагычтардын иш режимдери жөнүндө да сөз болду.

Ал эми БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы өкүлү Ежи Скуратовичтин конференцияда билдирген пикирине караганда, региондогу суу, мунай өңдүү заттар табият берген бекер байлык эле эмес, стратегиялык товар.

Ежи Скуратович:
- Бул - дүйнөдөгү бардык башка региондор сыяктуу эле, ушул региондогу коопсуздуктун, стабилдүүлүктүн жана кызматташтыктын элементи.

Ушул өңүттү эске алган Бириккен Улуттар Уюму региондо бул багытта кызматташтыкты улантууну каалайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG