Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

АКЫРКЫ ҮМҮТ АБАШИДЗЕДЕ КАЛДЫБЫ?


Грузиянын борбору Тбилисиде оппозициянын тарапкерлери кайрадан митингге чогулуп, бирок көп өтпөй таркап кетишти. Алардын мындан аркы аракеттери кандай болору белгисиз, шейшемби күнү 20 миңдей киши чогулган митингде оппозициялык негизги кыймылдын лидери парламенттик шайлоонун натыйжаларын бурмалаганы үчүн президент Шеварднадзени айыптап, анын бийликтен кетишин талап кылган эле. Грузин президенти бул талапты четке кагып, ошол эле учурда оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнгө даяр экендигин билдирген.

Грузиянын борбордук шайлоо комиссиясы шаршемби күнү бүткүл өлкө боюнча бюллетендердин алтымыш проценттен ашыгы саналып бүткөндүгүн кабарлады. Өкмөтчүл “Жаңы Грузия үчүн” блогу добуштардын 26 проценттейин алып, алдыда баратат. Ага куйрук улаш оппозициядагы “Улуттук кыймыл” фракциясы келатат, азырынча ага добуштардын 25 процентке жетпегени тийди. Лейбористтер партиясы 15 процент добуш менен үчүнчү орунда, калган саясий блоктордун көрсөткүчтөрү азырынча 10 проценттен аша элек.

Шаршемби күнкү митингде оппозициянын негизги лидери, ”Улуттук кыймылдын” жетекчиси Михаил Саакашвили президентти жеңилгенин моюнга алып, отставкага кеткенге чакырды. Адилеттик үчүн акырына чейин күрөшөм, деп айтты ал өз жааткерлерине. Өлкөнүн бир катар шаарларында, Саакашвилинин айтымында, оппозициялык тарапкерлердин демонстрациялары өткөрүлөт. Парламенттин азыркы төрайымы Нино Буржанадзе саясий мыяткерлерин өз добуштарын, өлкөнүн ар-намысын, жаш муундардын келечегин коргоп калууга үндөп, өкмөттүн жана президенттин бийликтен кетишин талап кылды. Ал эми парламенттин экс-спикери Жураб Жвания болсо бул жолку шайлоо оппозиция үчүн акыркы мүмкүндүк экенин эскертти.

Эл аралык байкоочулар да Грузияда парламенттик шайлоо маалында оркойгон каталыктар кетирилгенин айтып жатышат. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти грузин бийликтерин добуштардын санагын адилет жана өз маалынан кечиктирбей эсептеп чыкканга чакырып,шайлоо процессинде жол берилген калпыстыктарга катуу камтамачылык билдирди.

Оппозициялык фракциялардын арасынан “Жаңы оңчулдар”, лейбористтер, ”Кайра жаралуу” партиялары радикалдардын ойлоруна кошулушкан жок. ”Жаңы оңчулдардын” лидери Давид Гамгрелидзе добуш берүү маалында айрым алашемдиктер болгонун танган жок, бирок борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган маалыматтардын баары эле чындыкка коошпойт дегенге ишенбей тургандыгын билдирди.

Президент Шеварднадзе оппозициянын талаптары аны коркута албай тургандыгын эскертти. Ар ким билип коюуга тийиш,- деп айтты ал, - мамлекетке каршы күч колдонуу мыйзамга ылайык жазаланат. Бирок мен муну каалабайм,биз баарыбыз биргелешип иштөөгө тийишпиз, деп кошумчалады Шеварднадзе.

Грузиянын чалгындоо департаментинин башчысы Автандил Иоселиани Тбилисидеги акцияларды чет жактардан,анын ичинде океандын ары жагынан шыкактап жатышат деп билдирди. Бирок ал конкреттүү эч кимди атаган жок. Кокус аламан топтун аркасында бийликти басып алууга аракет жасалса, буга жол койбос үчүн өкмөт күч колдоно тургандыгын тийиштүү структуралардын жетекчилери эскертишти. Полиция Тбилисиге кеткен кан жолдордун баарында автомашиналарды кылдаттык жана кыйкымдык менен текшерип жатат.

Добуштардын санагы Ажарияда да жүрүп жатат. Айрым байкоочулар бул жердеги натыйжалар көп нерсени өзгөртүп жибериши ыктымал деп болжолдошот. Кокус Аслан Абашидзенин “Кайра жаралуу” кыймылы автономиянын өзүндө добуштардын басымдуу көпчүлүгүн алса, анда тизме башында тургандардын орундары алмашышы ажеп эмес. Мындай жагдай ырасмий Тбилисиге олуттуу огожо болмок. Абашидзе президент Шеварднадзенин оппоненти эсептелинет, бирок чечүүчү учурда алар өз ара тил табышып жүрүшкөнү да маалым. Бейтарап грузин эксперттери бул жолу да ушундай болушу мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG