Октябр айынын аягында "Вашингтон пост" гезити менен "Эй-Би-Си" сыналгысы өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктары - Америка элинин арасында президент Жорж Бушка болгон колдоо азайып баратканын көрсөттү. Суралгандардын 47 гана пайызы Ирак маселеси боюнча саясатты колдогонун билдирген, ал 51 пайыз адам согушка каршы экенин айткан.
Октябр айынын биринчи аптасында Гэллап институту өткөргөн сурамжылоодо болсо суралгандардын 50 пайызы согушка каршы чыгып, 47 пайызы Ирак саясатын колдогон. Бул акыркы сурамжылоолор 2-ноябрда Иракта америкалык тик учма атып түшүрүлүп, 16 аскер курман болгонго чейин уюштурулган, ошондуктан ал окуядан кийин эл арасындагы терс пикир дагы бир кыйла күчөгөн деп болжолдосо болот.
Эл аралык эксперттердин пикиринде, Ирактагы абал тез арада оңолбосо, президентке каршы эл арасындагы пикир ого бетер күчөп, 2004-жылы боло турган шайлоо алдында ал оор абалда калышы мүмкүн. Президенттик шайлоо учурунда америкалык шайлоочулар негизинен өлкөдөгү экономикалык абалды эске алат, Буштун президенттик учурунда болсо дал ушу экономика бир кыйла начарларды жана эми Ирактагы аракеттер да ийгиликке жетпесе, абал өтө начар жакка бурулушу мүмкүн.
Вашингтон шаарындагы Америкалык университеттин профессору Алан Лихтмандын айтымында, мындай абал уланса, эл арасындагы пикир экиге бөлүнүшү мүмкүн: "Экономика жана ички саясат боюнча Буштун рейтинги дайым төмөн болуп келген, анын рейтинги коргонуу жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу аракеттери аркылу гана жогору болчу. Бирок азыр Ирактагы маселелер терс жакка бурулууда жана америкалык эл анын саясатын суракка ала баштагандыктан, биз 2000-жылы орун алган абалга кайтып баратабыз, анда да коом эки жаатка бөлүнүп, саясий абал өтө курч болчу".
Вашингтон шаарындагы Стратегиялык жана эл аралык маселелер боюнча борбордун серепчиси Саймон Серфатынын пикиринде болсо, Ирактагы абалды америкалык жетекчилик башынан тартып туура эмес баалаган: "Америкалык аскерлер Иракка киргенде, эл аларды кош колдоп тосуп алат деген пикир - ал кезде Ирак тууралуу белгилүү маалыматтын баарына каршы келген. АКШнын чалгындоо кызматтарынын негизги катасы - алар өлкөдөгү абалды түшүнгөн эмес, 1979-жылдан бери Ирак канчалык кыйроого жеткенин алар аңдап билген эмес."
Чындыгында болсо карапайым ирактыктар арасындагы америкалык аскерлерге каршы маанай бир кыйла жогору болуп чыкты. Америкалык эл болсо, эмне үчүн Ирак согушу мындан алты ай мурда аяктаса да, ал жерде америкалык аскерлер дагы эле курман болуп жатканын түшүнбөйт. Серфатынын пикиринде, бул дагы АКШ жетекчилигинин катасы болгон: "Ирактагы согуш аяктады деп президент Буш 1-май күнү апыртып жарыялаган, анын айтымында, көздөгөн негизги максаттарына да америкалыктар ошондо эле жеткен, ошондуктан карапайым эл азыр - эмне үчүн куралдуу кагылышуулар дагы эле болуп жатканын жана анын 2001-жылдын сентябрында орун алган террор аракеттери менен кандай байланышы бар экенин түшүнбөйт".
Анткен менен, АКШнын соода министрлиги жакында тараткан маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын үчүнчү чейрегинде өлкөнүн экономикасы 7 пайызга өскөн. Эгер бул жагдай уланса, бийликке карата коомдук пикир дагы оңолуп кетиши мүмкүн.