Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

БҮГҮН ВЕНА ШААРЫНДА АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БАШТАЛАТ


Бүгүн Австриянын борбору Вена шаарында адамды кыйноо маселесине арналган эки күндүк жыйын башталат. Аны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму уюштурууда. Кыргызстандан жыйынга укук коргоочулар Рамазан Дырылдаев, Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдрасулова катышмакчы.

Рамазан Дырылдаевден телефон аркылуу Венадан алынган маалыматка караганда, Кыргызстандын укук коргоочулары өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу боюнча 11 барактан турган отчет даярдашты.

- 11 барактан турган отчет даярдадык, жүздөгөн фактыларды келтирдик. Аны эртең ар бир делегацияга тараттырабыз. Ошонун ичинде бийликтен кыйноо көргөн, митинг-демонстрацияларда сабалган адамдардын аттарын көрсөттүк. Андан тышкары, Аксы окуясында жүздөн ашык кишинин жабыр тартканы, өлгөн алты адамдын аттары сүрөттөрү менен берилди. Аксы окуясында ал алты адамдан башка 28 атуул кыйноого учураган. Алардын да фамилиясын келтирдик, - деди Рамазан Дырылдаев.

5-ноябрда кыргызстандык укук коргоочулар Хелсиньки уюмунун башчысы Аарон Роджерс менен жолугушту. Анда кандай маселелер тууралуу сөз козголгонун укук коргоочу Төлөкан Исмаилова мындайча айтып берди:

- Аксы трагедиясын ЕККУдагы 55 мамлекеттин өкүлдөрүнө айтабыз. Аксы окуясына күнөөлүү чиновниктерди көз карандысыз сотто каратып, Кыргызстанда мыйзамдуулукту орнотуу боюнча аракеттерди жасай турганыбызды айттык.

XS
SM
MD
LG