Жаңы басылманын алгачкы санында адаттагы арзан нан, бекер үй темасы мындай калып эле, орус өкмөтүн көтөрө чалып мактаган интервью жарыяланды. Башкы редактор Вадим Горшениндин айтымында, "Октябрь сюрпризи" деп аталган жаңы "Правданын" биринчи саны акыры эски "Правданы" тарыхтын таштандысына биротоло шилеп салмакчы. "Менин "Правдам" - чыныгы "Правда" дейт Горшенин. Анын "Правда.ру" атуу интернет төрү 1999-жылы ачылган.
Деги Владимир Ильич Ленин 1912-жылы негиздеген элдик гезиттин чыныгы мураскору ким? Советтер Союзу кыйрагандан кийин "Правда" жаңы түзүлгөн Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясына берилген эле. Андан бери гезиттин тиражы азайып, чыгымы өсүп, окурмандары картайып кетти. Советтик доордо "Правдада" иштеген Горшенин "Правда" деген аталыш саясий максаттарды көздөгөн редакциялык коллегияга эмес, гезитте иштеген журналисттерге тийешелүү деп эсептейт:
– Ооба, биз "Правда" гезитинин негиздөөчүлөрү катары өз укуктарыбызды сотто коргойбуз. Гезиттин ага эч бир тийешеси жок адамдар эмес, нагыз правдисттер тарабынан чыгарылышына жетишебиз.
Бирок, "кызыл" "Правданын" кызматкерлери бул маселеге башкача көз карашта экени таң калыштуу эмес. Баш редактор Валентина Никифорова гезит Орусиянын Коммунисттик партиясынын мыйзамдуу басма сөз органы экендигин эскертет:
- Баары биздин колубузда. Биз (гезитти) мыйзамдын негизинде чыгарып келатабыз. Каттоодон өткөнбүз, уставыбыз бар, бирок (жанагылар) биздин атыбызды уурдап алып жатышпайбы. Сот калыс чечим чыгарып, бизди колдошу керек.
Буга чейин коммунисттик "Правда" Горшениндин "правда.ру" деген интернет төрүн сотко берген эле. Бирок арбитраждык сот гезиттин "Правда" деген аталышка укугу жок деп таап, басма сөздөн башка форматта чыккан маалымат каражаты ал аталышты пайдалана алат деп чечим чыгарган.
Интеллектуалдык менчик укуктарына адистешкен юрист Владимир Энкиндин пикиринде, эки гезиттин тең 1912-жылдын май айында негизделген гезитке тийешеси жок. Энкиндин айтымында, Горшенин мурдараак аракеттенгенде, "Правда" деген ат менен гезит чыгаруу укугун алып калышы мүмкүн болчу. "Бирок азыр эми кеч болуп калды" дейт юрист.
Ал эми коммунисттик "Правданын" кызматкерлери Горшенин декабрдагы парламенттик шайлоонун алдында "Правданы" басып алып, коммунисттик электоратты алсыздандырууну көздөп жатат деп доомат коюшууда. Ренальд Салдиков - Коммунисттик партиянын атынан гезитти коргогон юристтер тобунун мүчөсү:
- Интеллектуалдык менчик жана автордук укуктар - маселенин бир гана жагы. Мындан тышкары, кылмыш кодексинде жалган жалаа жабууга тыйуу салынган. Ошондой эле шайлоо мыйзамдары бузулуп жатат. Гезиттин декабрдагы президенттик шайлоонун так алдында жарык көрө баштаганы кокустук эмес. Парламенттик шайлоо кампаниясы башталды. Мунун баары - (коммунисттерди) жаманатты кылуунун айласы.
Горшениндин ырастоосунда, "Правда" деген аталышты талашып, ал бир гана пайда табууну көздөп жатат. Мындан 90 жыл илгери Ленин минтип ойлобосо керек.