Польша учурда Иракта коалициянын тогуз миң жоокерине командачылык кылат. Польшалык аскерлердин автокербени Кербала шаарынын түндүк тарабында аткыланып, андан бир офицер каза тапты. Бүгүн белгилүү болгондой, кечээ америкалык аскерлер Багдаддан түштүк тараптагы Мехмадия деген жерде буктурмага кабылганда, бир жоокер курман болуп, экөөсү жаракат алган. Ал эми бүгүн Сирия менен чектеш аймакта аскердик машина минага кабылып, дагы бир америкалык жоокер мерт болду. Минаны жергиликтүү партизандар көмөгөнү же чек ара коопсуздугу үчүн делип мурда эле коюлганы белгисиз.
Иракта коалициялык күчтөргө кол салуу уланууда, поляк аскерлери арасында алгачкы жоготуу болду