Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Түркияда демонстрацияга чыккан студенттер менен полиция кагылыша кетти


Түркиянын башкалаасы Анкара жана Стамбул шаарларында кечээ нааразылык демонстрациясына чыккан студенттер менен полициянын ортосунда кагылышуулар орун алды. Анкарада миңден ашуун, Стамбулда 500дөй студенттер түрк университеттерин мамлекеттик көзөмөлдөн бошотууну талап кылып көчөгө чыгышкан. Алардын акциясы өлкөдөгү университеттерде катаал мамлекеттик көзөмөл жүргүзгөн Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин түзүлгөнүнө 22 жыл толгон күнү уюшулду. Демонстрацияга катышкан студенттер полицияны көздөй таш ыргыта баштаганда, полиция көздөн жаш агызчу газ, резина таяктарды колдонуп, кагылышууларда 30дай демонстрант, 10 полициячы жарадар болушту. Стамбулда чогулган 500дөй студенттер күрддөрдүн саясий кыймылын колдоп, күрд козголоңчуларынын лидери Абдулла Очаланды эркиндикке чыгарууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG