Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

БИРИНЧИ АФРО-АЗИЯЛЫК ОЮНДАР ЖӨНҮНДӨ ПИКИР


Индиянын Хайдарабад шаарында Африка жана Азия континенттеринин I оюндарына Кыргызстандын айрым спортчулары расмий чакырылганы менен, барышкан жок. Бул I Афроазиялык оюндар тууралуу Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн Оор атлетика федерациясынын баш катчысы, эл аралык калыс Молдодосов Өмүржан айтып берди.

1998-жылы жеңил атлетика боюнча Испанияда өткөн дүйнө чемпионатында Азия олимпиадалык кеңешинин жана Африка улуттук олимпиада комитетинин жетекчилери Афроазиялык оюндарды өткөрүүнү чечишкен. I оюндарды өткөрүү Азия континентине тапшырылып, 2001-жылы даярдыктар көрүлө баштаган. Азия олимпиадалык кеңеши биринчи оюндарды өткөрүүнү демилгенин башында турган Индиянын Олимпиадалык ассоциациясына ыйгарган. I Афроазиялык оюндар 2001-жылдан ноябрь айында Дели шаарында өткөрүлмөк болгон. Тилекке каршы, ошол жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто болгон каргашалуу окуядан кийин терроризм коркунучунан улам бул оюндар кийинкиге жылдырылып калган.

Өткөн жылы Азия олимпиадалык кеңеши кайрадан бул маселеге кайрылып, I Афроазиялык оюндарды быйыл 24-октябрдан 3-ноябрга чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өткөрүү жөнүндө чечим чыгарган. Себеби, Индиянын Улуттук олимпиадалык ассоциациясы салыктан бошотулгандыктан, аны колдоого алган демөөрчүлөр дагы арбын болуп, спорт имараттары да курулуп, даяр турган. Бул оюндар Азиядагы жана Африкадагы 46 мамлекеттин башын бириктирип, спорттун олимпиадалык 8 түрү боюнча атаандашуулар курч мүнөздө өткөрүлдү. I Афроазиялык оюндар жеңил атлетика, бокс, футбол, чөп үстүндөгү хоккей, ок атуу, сууда сүзүү, чоң теннис жана оор атлетика боюнча Хайдарабадда өтүп, мында жалпы командалык биринчиликти Азия континенти ээледи. Футболдон Өзбекстандын командасы I Афроазиялык оюндардын баш байгесин утуп алышты. Өзбекстандык футболчулар 1994-жылы Жапониянын Хиросима шаарында өткөрүлгөн XII Азия оюндарында дагы алтын медалды жеңип алышкан эле.

2001-жылы бул оюндарга даярдык көрүлүп жатканда Кыргызстандан бокс, оор атлетика жана ок атуу боюнча спортчулар чакырылган. Былтыр Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн XIV Азия оюндарынан кийин Азия олимпиадалык кеңеши жана Азиядагы спорт федерациялары кыргыз спортунун чама-чаркын баамдап көрүп, Азия чемпионаттарында баш байге уткан айрым гана жеңил жана оор атлеттерди расмий чакырып, континенталдык тандалма команданын катарына кошууга ниет кылган. Тилекке каршы, расмий чакырылса да Азия чемпиону, XIV Азия оюндарынын алтын байге ээси, кыргызстандык жөө күлүк Татьяна Борисова менен бийиктикке секирүүдөн Азия жана XIV Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Ефименко I Афроазия оюндарына белгисиз себептерге байланыштуу барышкан жок.

Кыргызстандык оор атлеттерден 3 жигитти I Афроазиялык оюндарга катышуу үчүн Азия оор атлетика федерациясы чакырган. Өлкөнүн тандалма командасы 16-ноябрда Канадада болчу дүйнө чемпионатына Алматыда даярдык көрүп жаткандыктан, бул оюнга барган жок. Себеби, Канададагы дүйнөлүк таймашта 2004-жылы Афиныда өтчү Олимпиадалык оюндарга жолдомо алууга мүмкүнчүлүк бар.

Ошентип, Кыргызстандан эл аралык даражадагы калыс, Оор атлетика боюнча олимпиадалык резерв мектебинин директору, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов гана Афроазиялык оюндардын оор атлетика мелдешине калыстык кылып, Хайдарабадга барып келди. Өмүржан Молдодосов бул оюндардан алган таасирлери тууралуу мындай деди:

- Бул оюндар абдан жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ачылыш аземи Олимпиадалык оюндарга тете болду. Кыргызстандын желеги көтөрүлбөгөнү абдан өкүндүрдү. Борбор Азиядан Казакстан, Өзбекстан менен Тажикстандан тандалган спортчулар барышты. Индияда спортко абдан жакшы көңүл бөлүнүп, спорттун ар бир түрү боюнча заңгыраган спорт сарайлары курулуп, Хайдарабад спорттун борборуна айланып калыптыр. Оор атлетика мелдештеринде Азия жана Африка өлкөлөрүнөн эң мыкты спортчулар бул оюндарга катышкан жок. Себеби, 16-ноябрда Канаданын Ванкувер шаарында дүйнө чемпионаты болмок. Негизги мелдеш ошол болгондуктан, Афины Олимпиадасына жолдомо алыш үчүн даярдык көрүп жатышкандыктан, барышкан жок. Бул Афроазиялык оюндарга келечеги бар жаштар катышып, сыноодон өтүштү. Негизинен Азиянын оор атлеттери күчтүү болгондуктан, Африканы утуп алышты. Африкадагы өлкөлөрдө дагы оор атлетика боюнча машыктыруучулардын көбү Европа мамлекеттеринин өкүлдөрү болгондуктан, алар келечекте татыктуу атаандаштар болушу мүмкүн. Бул оюндар эки континенттин достугуна данакер болуп, спорттогу кызматташууну чыңдап, байланыштарды бекемдеди. Бул оюндардын келечеги кең жана спорттук чеберчиликтин өсүшүнө өбөлгө болмокчу.

Бул оюндарга эки континенттен 2500 спортчу катышты. II Афроазиялык оюндар Африка континентинде 2007-жылы өткөрүлмөкчү. Бирок ал Африканын кайсы өлкөсүндө болоору кошумча такталып, жарыя кылынат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG