Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:55

РЕЙГАНЧЫЛАРДЫ ЧЫНДЫК ЧЫЧАЛАТТЫ


Америкалык Си-би-эс телекомпаниясы АКШнын мурдагы президенти Рейгандын үй-бүлөсү жөнүндөгү эки сериялуу фильмди эфирден алып салды. Бул кинотасманы аталган канал ушул айдын ортосунда өзүнүн 110 миллионго чукул аудиториясына көрсөткөнү жаткан. Фильмдин түзүүчүлөрү тасманы көркөм чыгарма деп эсептешсе, оппоненттер аны экс-президентти жаманатты кылуунун айлакер аракети катары баалашты.

Си-би-эстин башчысы Лес Мунвес компания саясий кысымдан улам өз чечимин өзгөрткөнүн моюнга алгысы келген жок. Болгону Рейгандардын бейнеси тасмада осол оройдо көрүнүп калган, ошондуктан фильмди көпчүлүккө көрсөтүүнү эп көрбөдүк, деп билдирди ал каналдын алдын ала жарыяланган программасы эмне үчүн алмаштырылганын такыктаган журналисттерге.

Рейгандар жөнүндө фильм тартуу идеясы мындан төрт жыл мурда Эй-би-си телекорпорациясында жаралган эле. Картина бүткөн соң аны Эй-би-синин жетекчилиги прокатка алгандан баш тарткан, анткени тасма алар күткөндөн таптакыр башкача болуп чыккан. Натыйжада кинодолбоор Эй-би-сиден Си-би-эске көчүп өткөн. Фильмдин драматургиялык негизи кайра жазылып, сюжетине олуттуу оңдоолор киргизилген. Жаңы тасма өмүрлөш жубай Рейгандардын өз ара жүрөк жылыткан мамилелерин кудум өзүндөй кылып көрсөткөн. Бирок акыркы сериалда авторлор чылпагын алам деп көзүн оюп алгандай иш кылышкан окшойт, америкалык кыркынчы президенттин тарапкерлери ай-асманга түйүлө каттуу айкайлап чыгышты. Рональддын фильмдеги кейипкери ашкере керооз, ошол эле учурда аялынын айтканын эки кыла албаган зайпана, ал эми Нэнси болсо заары бетине чыккан ажаан тейде сыпатталган.

Рейгандын уулу Майкл тасманы көргөнгө беш мүнөт араң такаат кылган. Авторлор атасынын кандай акэдил экенин көрсөтө албаганына даттанып, “Фокс нюьс” телеканалында ал муну эмдиги жылы боло турган шайлоо алдында бүткүл республикачылар жамаатын жаманатты кылуу үчүн атайылап жасалган карасанатайлык деп баалады.

Майклдын соңунан рейганизмдин жааткерлери жабыла Си-би-эске жапырык жасап киришти. Консерваторлордун маалымат каражаттарын иликтөө боюнча борбору өзүнүн интернет баракчасы аркылуу кайрылуу таркатып, капчыгы калың сарапчылардын баарын бул фильмге далдалчы болуудан сактандырды. Буга катарлаш республикачыл партиянын өкүлү,мурдагы сенатор Паранзино Си-би-эске байкот жарыялаган атайын интернет сайтын ачты. Андан соң республикалык партиянын өзү саясий айкашка чыкты. Анын лидери Эд Гиллеспи Си-би-эс телекомпаниясын экс-президенттин үй-бүлөсүнө байланыштуу фактыларды одоно бурмалаганы үчүн айыптап, фильмди адегенде тарыхчы адистерден турган атайын комиссия таразалап-талдап көрсүн, эгер ал оң тапса, ошондон кийин гана экранга чыгарылсын деп талап кылды.

Мындай шартта Си-би-эстин башчысы Лес Мунвеске фильмди чоң эфирден алгандан башка айла калган жок. Бирок көркөм тасма кабелдик “Шоутайм” каналында көрсөтүлө турган болду. Аталган канал Си-би-эстей эле “Виаком” корпорациясына карайт. Бирок анын аудиториясы 15 миллион адамдан ашпайт.

Деген менен чуулгандуу бул фильм көркөм ойдун эркиндигин эки башка оролдо түшүнгөн саясий жааттардын бүйүрүн козгоп, бөркүн кызытып койду. Демократтар чыгармачылык ойго чалма салынды, анын эркиндиги чектелди деп жер сабап чыгышты. Алардын сенаттагы лидери Том Дэшл республикачыларды Си-би-эстин жетекчилигин омуроолоп, одоно кысмактаганы үчүн айыптады. Ал эми Голливуддун таанымал жылдыздарынын бири Барбара Стрейзэнд болсо консерваторлорду ачуу чындык аябай чычалатты деп эсептейт. “Рейганды кудайсынтып төбөсүнө көтөрүп жүргөн республикачыларга экс-президенттин фильмдеги кадимки эле пенделик айрым кемчиликтери бычактай тийди”, - деп айтты актриса.

XS
SM
MD
LG