Давид Тевзадзе бул тууралуу журналисттер менен болгон маегинде айтты. 2-ноябрдагы парламенттик шайлоодон соң Грузиянын башкалаасы Тбилисиде миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар өтүп жатат. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп ырастап, президент Эдуард Шеварнадзенин отставкага кетишин талап кылууда. Э.Шевернадзе отставкага мындай чакырыктарды четке какты, бирок талаш маселени ачык талкуулоого даяр экенин билдирип, бүгүн эртең менен парламент имаратынын жанында түнөгөн демонстранттар тобуна келди эле алар президентти "саткынчы, саткынчы кызматтан кет, кызматтан кет "деген кыйкырыктар менен тосуп алышты. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга элек. Соңку маалыматтарга караганда өкмөтчүл партиялардын.
"Жаңы Грузия үчүн" деп аталган саясий блогу жана Аджар автономиясынын лидери Аслан Абашидзенин "Кайра жаралуу" партиясы алдыда.
"Жаңы Грузия үчүн" деп аталган саясий блогу жана Аджар автономиясынын лидери Аслан Абашидзенин "Кайра жаралуу" партиясы алдыда.