Иракта дагы бир жоокер окко учту. АКШлык командачылыктын ырастоосунда, аскер кечээ кечинде Багдаддан 60 километр алыстыкта граната менен кол салуудан мерт кетти. Окуя АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремердин коалиция күчтөрүнө каршы чабуулдар көбөйгөнүн айткандан көп узабай болду.Бремер кол салуулар өсүшү мүмкүн, анткени террористтер Ирактагы реконструкция иштери алга жылып жатканына күбө болушууда деген эле.
Президент Буш ири салгылашуулар аяктады деп жарыялаган 1-майдан бери Иракта 150дөй америкалык аскер курман болду.
Президент Буш ири салгылашуулар аяктады деп жарыялаган 1-майдан бери Иракта 150дөй америкалык аскер курман болду.