Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:56

САЛЫК РЕФОРМАСЫНЫН ЖҮРҮШҮ ТУУРАЛУУ ӨКМӨТ МЕНЕН ДЕПУТАТТАРДЫН ПИКИРИ КАЙЧЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек 2001-жылы өкмөт «Cалык саясатын өркүндөтүүнүн концепциясын» кабыл алган болчу. Өкмөт «анда каралган иш-чаралар негизинен ырааттуу аткарылып жатат» деп эсептейт. Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык боюнча комитети болсо тескерисинче, иш өтө эле жай жүрүп жатканын белгилейт.

Коомчулукта «салыктын оордугунан, анын бардыгына тең эместигинен жана аны жыйноо тартиби татаалдыгынан өндүрүш аксап жатат» деген пикир көптөн бери айтылып келет. Бул пикирге акыркы жылдары өкмөт да кошула баштаган болчу. 2001-жылы «Cалык саясатын өркүндөтүүнүн концепциясы» кабыл алынып жатканда, ага өзөк катары «ишканалардын салык жүгүн азайтып туруп, жалпы жыйналчу салыктын көлөмүн көбөйтүү, салык жашыргандарды ачыкка чыгаруу» деген идея кирген. Концепциянын негизинде 24 пункттан турган, 2005-жылга чейинки конкреттүү план иштелип чыккан. Финансы министрлиги «ал пландын ишке ашырылышы жаман эмес» деген ойдо.

- «Салык саясатын өркүндөтүүнүн концепциясынын» планындагы негизги иш-чаралардын аткарылышы жетиштүү деңгээлде жогору, - деди финансы министринин орун басары Мурат Исмаилов бул тууралуу өткөн жумада өткөрүлгөн өкмөт жыйынында. Анын айтымында, 24 иш-чаранын 12си толук аткарылды. Алтоо болсо аткарылганы турат. Ал аткарылган иш-чаралардын маанилүүсү катары чакан ишкерлерге милдеттүү патент системасынын киргизилишин, пайдага жана жеке адамдардын кирешелерине салыктын өлчөмүнүн азайтылышын, кыймылсыз мүлккө салыктын киргизилишин атады. Мындан тышкары, салыкты жашыргандыгы үчүн кылмыш жообуна тартууга негиз берүүчү чек - жашырылган салыктардын суммасы - жогору көтөрүлдү. Бул, финансы министринин орун басарынын ою боюнча - салык системасын реформалоодогу чоң кадам. Бирок мындай пикирге Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык жана бажы төлөмдөрү боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров кошулбайт.

- Концепцияда «кыймылсыз мүлккө салык киргизилгенде рынок шартына ылайык келбеген 2 салык жоюлат» деп жазылган. Тилекке каршы, өкмөт менен Финансы министрлиги мурдагы салыктарды калтырып, жаңы салыктарды киргизип жатышат. Ошондуктан депутаттар да, биз жакында эле жер-жерлерде жолугуп келген шайлоочулар да бул жаңы салыкка каршы болуп жатышат. Алар «салыктын түрлөрү көбөйүп жатат» деп жатышат, - дейт Акылбек Жапаров, жоюлууга тийиш болгон жол салыгы жана өзгөчө кырдаалдар үчүн жыйымдар бар экенин эскертип. Депутаттар өкмөткө «жок» деп айта алышпаганы менен, жаңы салыктардын киргизилишин ар кандай себептер менен кечиктирип келишет. Алар 10-ноябрда да кыймылсыз мүлккө салык салынбай турган чекти бекитип беришкен жок. Финансы министрлиги концепцияда белгиленген иш-чаралардын толук аткарылбай жатканы үчүн депутаттарды күнөөлөйт.

- Айрым министрликтердин жана Жогорку Кеңештин колдоосу болбогондуктан, бул этапта пландын айрым пункттарын аткаруу кыйын болуп жатат, - дейт Мурат Исмаилов.

Статистикалык маалыматтарга караганда, салыктарды жыйноо иши жакшырып барат. Эл аралык Валюта Фондунун миссиясы да муну өкмөт башчысы менен жолугушканда баса белгиледи. Бирок концепциянын негизги идеясы аткарылган жок. Социологиялык сурамжылоодо ишкерлердин көбү дале болсо салык жүгү оор экенин белгилеп жатышат. Депутаттардын айтымында, биздин салыктан качып, ишкерлер башка өлкөлөргө кетүүдө.

- Орусияны алып көргүлө. Ал жол салыгын жойду. Жеке адамдардын кирешелерине салыктын шкаласын 13% калтырышты. Эң негизгиси - кошмо нарк салыгын 20%дан 18%га чейин азайтты. Жаныбыздагы Казакстандын дыйкандары болсо кагаз жүзүндө айыл чарба продукциясына салыктардын баарын 100% көргөзүшкөнү менен, анын 20% эле төлөшөт. Казактар кошмо нарк салыгын 16% түшүрүштү. Социалдык төлөмдөрдү болсо регрессивдүү шкала менен төлөшөт. Канчалык айлык көп болсо, ошончолук аз төлөшөт. Алар 20%дан 7%га чейинки шкала киргизишти. Аларга салыштырмалуу биз артта калып баратабыз, - дейт Акылбек Жапаров.

XS
SM
MD
LG