Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Шеварднадзе Ажариянын президентинен колдоо алды


Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе кечээ автономдуу Ажар жумуриятына барып, президент Аслан Абашидзе менен жолугушту. Батуми калаасынын тургундары Шеварднадзени жылуу кабыш алышты. Тбилисиге кайтып келгенден кийин Шеварднадзе мындай деди:
– Мени катуу кубандырганы – Ажаранын калкы жана жетекчилиги өлкөнүн биримдигин жана күчүн сактап калуу үчүн Грузия менен ийиндешип күрөшүүгө даярбыз дешти.
Өткөн аптадагы парламенттик шайлоодон кийин Шеварднадзенин оппоненттери анын отставкасын талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG