Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

ООГАНСТАНДАГЫ АХЫВАЛ АЛИ КООПТУУ


Байян Жумакадыр кызы, Прага Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Ооганстандан кайтып келген комиссиясы араздашкан тайпалардын өз ара кагылышууларынан жабыркап, маң зат аткесчилиги менен террорчулук проблемаларын жөнгө сала албай жаткан Ооганстанда ахывал өтө кооптуу болуп кала берип жатканын билдирди. Комиссиянын айтымында, мындай ахывал конституцияны кабыл алуу жана жалпы шайлоо өткөрүү сыяктуу маанилүү саясий процесстерге олуттуу залал тийгизет.

Террорчулук, араздаш тайпалардын согушу жана маң аткесчилиги Ооганстандагы коопсуздукка шек келтирип, ички саясий процесттерге тоскоол боло тургандыгын уюмдун комиссиясы өткөн жумада Кабулда, Гератта жана Мазари Шарифте жергиликтүү өкмөт өкүлдөрү жана коомчулук менен өткөргөн жыйындарында билдирген. Улуттар Уюмунун 15 кишиден турган комиссиясынын башчысы, Германиянын уюмдагы элчиси Гүнтер Плойгердин Коопсуздук Кеңешинде жасаган баяндамасында Талибан режими кулатылгандан бери өлкөдө олуттуу жылыштар болгондугу, бирок Ооганстандагы саясий жана экономикалык процесстерге алдыда аталган үч олуттуу себеп кедерги болуп жатканын билдирди.

Г.Плойгер:
- Өлкөдөгү саясий процесттердин ойдогудай жүрүшү үчүн зарыл болгон шарттар Ооганстанда али түзүлө элек. Улуттук жарашуу процесси көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат. Саясий партиялардын түптөлүп, өнүгүүсү үчүн али убакыт керек. Улуттук мекемелер реформаларга муктаж. Тайпа башчыларынын өзүм билемдик бийлиги али жойула элек.

Плойгердин шейшемби күнү жасаган баяндамасы Ооганстанда дагы бир террордук чабуул жасалган кезге туш келди. Улуттар Уюмунун Кандагардагы кеңсесинин жанында машинеге орнотулган бомба жарылып, эки кишини жарадар кылды. Ошол эле күнү Кандагарда бараткан аскердик колоннага белгисиз бирөөлөр кол салып, румыниялык бир солдатты өлтүрүп кетишти. Ал чабуулдан АКШ баштаган антитеррордук альянстын алкагында Ооганстанда кызмат өтөп жаткан дагы бир румыниялык солдат жарадар болду.

Гүнтер Плойгердин айтымында, ооган жетекчилиги азыр өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндө бири-бирине таптакыр коошпогон коопсуздук проблемалары менен алпурушканга мажбур. Өлкөнүн түндүгү улуту өзбек генерал Рашид Достум менен Ооганстандагы тажик тайпанын лидерлеринин бири Атта Мухамеддин бак талашынан жабыркап келатса, андай күчтүү лидери жок түштүк чөлкөмдөгү тайпалар өздөрүн өлкөдөгү кайра куруу процесстеринен четте калып, кемсинген ахывалда сезишет. Бул көпчүлүгүн пуштундар түзгөн чар жайыт тайпалардын бири-бирине болгон ич күптүүлүгү менен кастыгын арттырып, өлкөдөгү кайра куруу процессине жолтоо болууда, дейт Плойгер.

Комиссия түндүктөгү атаандаш эки лидер менен жолугуп, аларды араздашууну токтотуп, өлкөдөгү кайра куруу процессине катышууга көндүргөнгө аракеттенди. Ал, ошондой эле, аялдардын коомдук турмушка, саясий жана экономикалык процессттерге дагы эле катыштырылбай жатканын маалымдап, жардам сураган аялдардын уюмдары менен да жолукту.

Коопсуздук кеңешинде жасаган баяндамасында Плойгер, ошондой эле, маң зат проблемасына токтолду. Талибан режими кулатылса да Ооганстан дүйнөнүн эң ири маң зат өндүрүүчүсү болуп кала берүүдө жана жакын арада ооган фермелерине дыйканчылыктын башка кирешелүү булагы сунуш кылынбаса, апийим өстүрүү мындан да күч алмакчы.

Г.Плойгер:
- Өлкөнүн укук мекемелери али чабал жана азыр маң заттын көмүскө экономиксы көзөмөлсүз кала берүүдө. Маң зат өндүрүшүнүн акыркы айларда кескин жогорулап кеткени экономиканы турукташтырууда жетишилген жылыштарды жокко чыгарганы турат.

Ооганстандагы ахывалды иликтеп чыккан комиссия өлкөдөгү абалды турукташтырып, белгиленген саясий жана экономикалык процессттерди ишке ашыруу максатында бир нече сунуштарын ортого салды. Ага ылайык, Бонн конференциясынын чечимдеринин кандайча ишке ашырылып жатканын текшерүү үчүн атайын жыйын өткөрүү сунуш кылынат. Бул донорлордун акчасынын кантип сарпталып жатканы жана эл аралык коомчулуктун Ооганстан боюнча алган милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө кеңири жана так маалымат алганга мүмкүндүк бермекчи.

Испаниянын ООНдогу өкүлү, комиссияга мүчө Иноценцио Ариас:
- Эл аралык коомчулук оогандардын алдында алган милдеттенмелерин али аткара элек. Оогандар улуттук армия менен полицияны түзүүдө жана алардын маяналарын төлөөдө жардамга муктаж.

Комиссия, ошондой эле, чөлкөмдөрдүн экономикасын калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн эл аралык жарым аскер курулуш топтор өлкөнүн согуштан кыйраган чарбасын калыбына келтирүү ишинин өтөлүнө чыга албаарын кошумчалашат. Андай топтор азыр Гардез, Мазари Шариф, Кандагар, Жалалабад, Герат жана Бамиянда иштеп жатышат. Бирок курулуш иштери менен алектенген бул топтордун шайлоого камынып жаткан өлкөдө туруктуулукту ойдогудай камсыз кылганга алы жетпейт. Ариастын айтымында:

- Коопсуз мейкиндиктерди түзүү үчүн андай топтордун көлөмү чоңойтулууга тийиш.

Ар бир топ, бери дегенде, 400 кишиден турушу керек, дейт Арис.

XS
SM
MD
LG