Жогорку Кеңешке жана кыргыз өкмөтүнө кайрылуу ишкерлер бирикмелеринин шейшембиде өткөн II конгрессинде иштелип чыкты. Бул тууралуу 12-ноябрда өткөн маалымат жыйынында үч ассоциациянын – «Туроператорлор», «Кыргызстандын Жибек жолу туризми», «Жамааттар туризми» ассоциацияларынын өкүлдөрү билдиришти. Ассоциация жетекчилеринин көз караштарына караганда, ишкер уюмдар менен бийлик органдарынын азыркы мамилелери тармактын өнүгүшүнө терс таасир тийгизүүдө. «Туристтерди чет өлкөлөрдөн алып келүүгө мыйзамдарга, жеке кызыкчылыктарга байланышкан жана башка бир топ жагдайлар жолтоо болуп атат» дешет алар.
- Тармакты өнүктүрүү туурасында саясатчылардын, маселен, президенттин сөзүн, Жогорку Кеңеште айтылгандарды укканда демдене түшөсүң, - дейт «Жибек жол туризми» ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров. - Бул ишкерлердин жүрөгүндөгү нерсе. Бирок, өкмөттүк деңгээлде, туризм тармагын тейлеген мамлекеттик органдардын деңгээлинде ишти чечүүгө келгенде шалдырап отуруп каласың. Бардык демилгелер дайынсыз жоголуп, тыянаксыз калат.
Былтыртан бери тармакты өнүктүрүү багытында ушул бирикмелер менен өкмөттүн алдындагы Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин пикирлери келишпей жүрөт. Туроператорлор комитеттин кадамдарын мыйзамсыз катары сындап, «ишкерлерди башкаруу аракети бар» деп жүрүшөт. Комитет болсо ишкердик уюмдардын мамлекетке пайда алып келбей жатканын айтат. Туристтик ишкерлер жолдогон кайрылууда эки тараптын биргелешкен атайын кеңешин түзүү сунушу да бар экен. Бирок, Владимир Комиссаров муну комитет колдобогонун айтат.
- Алмакүчүковго бул жакпай калды, - дейт ал. - Кечээ ал биздин катты алды да, «бул катыңарда бизге өз шартыңарды таңуулап атасыңар, силер каалагандай болбойт» деди. Биз анда «кеңешке өз өкүлдөрүбүздү өзүбүз сунуштайлы» дегенбиз. Мамлекет болсо биздин жамааттардын ичинен өзү тандап алгысы келет.
Туристтик ассоциациялардын II конгрессине катышып, сүйлөгөн сөзүндө Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Өкмөтбек Алмакүчүков ишкерлерди салык төлөбөгөндүгү үчүн сынга алды. Туризм тармагы боюнча түзүлгөн Координациялык кеңештин алгачкы жыйыны былтыр болуп, бирок ошол бойдон иш токтоп калган. Бул, туристтик ишкерлердин салык төлөөгө мамилесине өкмөттүн канааттанбаганы менен байланыштырылган. Премьер-министр Николай Танаевдин Координациялык кеңеште сүйлөгөн сөзүн ассоциациялардын конгрессинде Өкмөтбек Алмакүчүков мындайча кайталады:
- Координациялык кеңеште туристтик ишкерлердин сөздөрүн уккан соң, премьер-министр: «Мен салык төлөө багытында жеке сектордон тиешелүү жооп алган кезде гана проблемаларды талкуулайм, жолугушам, сүйлөшөм», - деген.
Туристтик ишкерлердин айтымында, алар салыкты чынында эле аз төлөшөт. Муну алар мыйзамдуу жол аркылуу жасап жатышат. Алардын башкы саясаты салыкты көп төлөө эмес, чет өлкөлүк туристтерди тартуу аркылуу өлкөгө көп инвестиция алып келүү экенин айтышат.
Ассоциациялардын өкүлдөрүнүн айтымында, 2001-жылдан бери карай туризм тармагынын кирешеси азайып баратат. Муну алар 11-сентябрдагы АКШдагы жарылуу, Ооган согушу, былтыр болсо Ирак согушу жана өнөгөсүз өпкө оорусунун чыгышы менен байланыштырышууда. Бул туристтердин жыл сайын 20% азайышын шарттаган. Бирок келерки жылы келчү туристтердин саны 2001-жылдын көрсөткүчүнө теңелээрине ишкерлер үмүт артып атышат. Ассоциациялардын мүчөлөрү бул үчүн өкмөт жана парламент тармакты өнүктүрүү багытында ишкерлердин сунуштарын колдоого алышын каалашат. Алардын пикиринде, азыр алдыда кошуна өлкөлөр менен транзиттик виза каттамын жөнгө салуу, маркетинг, маалымат стратегиясын эл аралык туризм деңгээлинде иштеп чыгуу зарылдыгы турат. Ишкерлердин айтымында, азыр Кыргызстандагы туризмдин аброю тууралуу начар пикирлер көп. «Мындай абалды оңдош үчүн туризм саясатындагы ички олку-солкулукту жоюп, алгылыктуу маалыматтарды дүйнөгө көп таратыш керек» дешет 3 ассоциациянын өкүлдөрү. Алардын айтымында, «Туроператорлор», «Кыргызстандын Жибек жолу туризми», «Жамааттар туризми» бирикмелеринин курамында 78 ишкер уюм бар.