Парламенттеги ага арналган жыйынды ачкан сөзүндө Палестинанын премьер-министри Ахмед Корейи жаңы өкмөт бардык күчүн израилдиктерге каршы кол салууларды токтотууга жумшайт деп белгиледи. Ясир Арафат Израил менен Палестинанын эли бейпилдикте коңшулаш эки мамлекетти түзүп жашоого укуктуу деп билдирди.