МАГАТЭнин талашка түшө баштаган отчету расмий түрдө жарыялана элек. Ал уюмдун Директорлор кеңешинин 20- ноябрга белгиленген жыйынын утурлай даярдалган. Бирок негизги жоболору белгилүү болуп калган документте, азыркы учурга карата Иран өзөктүк курал жасоого аракеттенгенин көргөзгөн таныктар табылбагандыгы айтылган эле. Анткен менен МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программалары толугу менен тынчтык максатын көздөйт деп кепил боло албайт. Бул үчүн убакыт талап кылынмакчы. Ошол эле отчетто белгиленгендей, Иран анчалык чоң эмес өлчөмдө плутоний жана аз байытылган уран өндүргөнүн моюнга алган. Плутоний жана байытылган уран өзөктүк куралдын негизги компоненттеринен экени белгилүү. Андыктан отчетто көргөзүлгөндөй, МАГАТЭ Иран плутоний жана аз байытылган уран өндүргөнүн узак убакыт бою жашырып келүү менен Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин шарттарын бузган деп эсептейт.
Иранды өзөктүк курал программасын жашыруун өнүктүрүп жатканы үчүн сынга алып жүргөн АКШ МАГАТЭнин отчетуна карата нааразылыгын жашырган жок. Мамлекеттик катчынын курал-жаракты көзөмөлдөө маселесин тейлеген орун басары Жон Болтондун айтымында, андагы ырастоолорго "ишенүү мүмкүн эмес". Бул расмий Вашингтондун отчетко карата алгачкы реакциясы болду. Отчеттун айрым ырастоолорун Иран да эп көргөн жок. Атап айтканда, Тегеран Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин шарттарын бузду деген ырастоо менен макул эмес.
Президент Мохаммед Хатами белгилегендей, бул жааттагы айрым кемчиликтер келишимди бузгандык катары каралбашы керек. Кечээ кабарчылар менен болгон маегинде президент Хатами Ирандын МАГАТЭ менен кызматташтыгынын келечеги 20-ноябрдагы жыйындын жыйынтыгына жараша болоорун да ишара кылды. Иран ушул дүйшөмбүдө Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин кошумча протоколуна кол коюуга жана өзөктүк жайлары эркин инспекцияланышына расмий макулдук берген катын МАГАТЭге тапшырды. Ошондой эле уранды байытуу иштери убактысынча токтотулганын жарыялады. Анын алдында өзүнүн өзөктүк программалары боюнча документтер топтомун да берген.
Эми МАГАТЭнин Директорлор кеңеши 20-ноябрдагы жыйынында маселени талкуулап, Иран боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алышы керек. Айрым эксперттердин пикиринде, МАГАТЭнин отчету АКШнын ырастоолорун бекемдеди, ушундан улам ал Ирандын маселеси БУУнун Коопсуздук Кеңешине берилишине жетишүүсү керек. Өзөктүк куралды жайылтпоо маселесине адистешкен вашингтондук эксперт Гэри Милхолин:
- МАГАТЭнин маалыматы – айран таң калдырган ачылыш. Иран узак убакыт бою инспекторлорду алдап, эч кимге айтпастан өзөктүк курал жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон затты өндүрүп келген. Бул - өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимди бузгандык жана кимди болбосун кабатырлантышы зарыл. Менимче биз, Кошмо Штаттар, Коопсуздук Кеңешинен резолюцияны кабыл алууну суранышыбыз керек. Эгер колдоо болбосо, эмне кылууну андан соң чече алабыз.
Айткандай эле Ирандын иши БУУнун Коопсуздук Кеңешине берилишин расмий Вашингтон каалайт.
Анткен менен бир катар аналитиктер Тегерандын МАГАТЭ менен соңку айдагы кызматташтыгын эске алганда, уюмдун Директорлор кеңеши жазалоочу чарага барышы күмөндүү экенин айтышууда. Анын үстүнө Европа Биримдигинин үч өлкөсү: Британия, Германия, Франция Иранга карата катаал саясатты жактабайт. Алардын пикиринде, конструктивдүү кызматташтык өз жемишин берүүдө. Демек, Иран боюнча МАГАТЭ кабыл алуучу чечимдин айланасында да дипломатиялык күрөш жүрө турганы талашсыз.