Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Дүйнөлүк Банк айыл чарбасына келерки жылдан баштап 15 млн. доллар грант бере турган болду


БИШКЕК. Келерки жылдын январынан баштап Дүйнөлүк Банк Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган 4 жылдык долбоорду ишке киргизет. Бул долбоор быйыл декабрда Дүйнөлүк Банктын Директорлор кеңеши тарабынан колдоого алынышы күтүлөт. Директорлор кеңешинен колдоо тапса, 15 млн. долларга эсептелген гранттык негиздеги бул долбоор өлкөдөгү 200-220 айылды камтыйт. Айыл кеңештерин колдоо максатын көздөгөн бул долбоор ачык-айкындыкты камсыз кылаарын анын жетекчилери баса белгилешүүдө. Долбоорду жетектөө милдети Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине жүктөлгөн. Аны президенттик администрация, «Каунтерпарт-Шериктеш» уюму, Кыргызстан айылдарынын ассоциациясы негиздешкен.

XS
SM
MD
LG