ДАМАСК. Сириянын маалымат министри анын өлкөсү, АКШ Сенаты Сирияга каршы санкцияларды колдонгонго уруксат бергенине карабастан, Кошмо Штаттары менен диалогун уланта турганын билдирди. Сириянын маалымат министри Ахмад ал-Хасан АКШ Сирияны санкциялар менен андан мурда да опузалап көргөнүн, бирок акыркы убакта андай коркутуп-үркүтүү күч алганын билдирди. Сириянын маалымат каражаттары болсо АКШнын санкция жөнүндөгү чечимин четке кагып, андай чаралар менен Сирияга таасир этүү мүмкүн эмес деп чыгышкан. Шейшемби күнү АКШнын Сенаты Сирияга каршы дипломатиялык жана экономикалык санкцияларды колдонуу чечимин дээрлик бир добуштан жактырган.