Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Бишкекте Көз карандысыз басма үйү ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз басма үйү ачылды. Анын ачылышына АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Елизабет Жоунс, демократия, адам укуктары жана эмгек маселелери боюнча жардамчысы Лорн Крейнер, Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана башка расмий адамдар катышты. Мындан 2 жыл мурун «Маалымат каражаттарын колдоо борбору» деген аталышта каттоодон өткөн бул басмакананы АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун акчалай жардамы менен «Фридом Хаус» эл аралык уюму уюштурду. Басмакана өлкөдө жана Борбор Азия аймагында чыгуучу маалымат каражаттарына кызмат көрсөтүүгө ылайыкташтырылган. Аны 15 кишиден турган байкоочу кеңеш башкарат. Байкоочу кеңешти АКШнын Сенатынын мүчөсү Жон Маккейн жетектейт.

XS
SM
MD
LG