Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АБАК СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛОО БОЮНЧА УЛУТТУК ПРОГРАММА КИЙИНКИ ЖЫЛДЫН БАШЫНДА КАБЫЛ АЛЫНАТ


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Кыргызстандагы пенитенциардык системаны реформалоо боюнча улуттук программаны талкуулаган алгачкы өкмөттүк жыйын болду. Бул программанын негизги максаты - өлкөдөгү жаза өтөө жайларындагы абалды эл аралык стандарттарга жакындатуу.

Өлкөнүн абак системасындагы реформа жаза өтөө жайларынын мамлекеттик башкармалыгын Ички иштер министрлигинен Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүү менен башталган. Бул 2001-жылдын октябрь айында болгон. Былтыр Кыргызстандын пенитенциардык системасын реформалоо боюнча 2010-жылга чейин эсептелген концепция иштелип чыккан. Ага ылайык, учурда бир топ министрликтердин жана мекемелердин катышуусу менен жаза өтөө системасын реформалоо боюнча улуттук программанын долбоору иштелүүдө.

Жума күнү алгачкы жолу бул програманы талкуулаган өкмөттүк жыйын өттү. Ага мамлекеттик органдардан тышкары бейөкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илимпоздор, эксперттер катышты. Программада бул тармактагы реформанын негизги багыттары жана аларга байланышкан иш-чаралар белгиленген. Абактардагы санитардык-гигиеналык шарттарды, жаза өтөп жаткан адамдарды медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу, алардын укуктарын коргоо ошондой иш-чаралардын катарына кирет. Мындан тышкары, программада жаза өтөгөндөргө карата абак кызматкерлеринин мамилесин өзгөртүү, абак системасынын ишин ачык-айкын жүргүзүү, андагы абалды эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу ж. б. иш-чаралар бар. Пенитенциардык системаны реформалоо боюнча улуттук программаны өкмөт келерки жылдын башында бекиткени турат. Программада каралган негизги иш-чаралардын бири - өлкөдө жаза өтөөнүн альтернативалуу ыкмаларын киргизүү. Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда эркинен ажыратылгандардын көбү - камакта эмес, айыппул төлөп, тартип коргоо органдарынын көзөмөлү астында шарттуу жаза өтөй турган адамдар.

Юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө жайларынын мамлекеттик башкармалыгынан алынган маалыматтарга караганда, өлкөдөгү абактарда соңку эки жыл ичинде алгылыктуу өзгөрүүлөр болуп атат. Маселен, былтыр түрмөдөгү бир кишинин тамак-ашына күн сайын 12 сом бөлүнсө, быйыл 14 сом бөлүнө баштады. Ал эми талаптар боюнча абактагы бир кишинин тамак-ашына күн сайын 29 сом бөлүнүшү керек.

Учурда Юстиция министрлигинин алдында айрым эл аралык уюмдардын колдоосу менен түзүлгөн борборлор абактагыларга укуктук жактан жардам көрсөтүп келатышат. Абак системасындагы ушундай өзгөрүүлөр туурасында жаза өтөө жайларынын мамлекеттик башкармалыгынын кызматкери Мавлен Абдыкул уулу мындай дейт:

- Акыркы эки жылда түрмөлөрдөгү абал бир кыйла өзгөрдү, эл аралык стандарттарга ылайыкташтырыла баштады десек жаңылышпайбыз. Мисалы, мурда жаза аткаруу мекемелерине прокурор, сот, жергиликтүү администрациялардын өкүлдөрү гана кирүүгө укуктуу эле. Азыр болсо бейөкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кире алышат. Мурда түрмөлөрдө мечиттер, чиркөөлөр жок эле. Материалдык жактан камсыздоо азыр кыйла жакшырды. Бишкек шаарында болсо жаңы тергөө изолятору салынды. 2001-жылдын биринчи жарымындагы көрсөткүчкө караганда, быйылкы 6 ай ичинде кургак учук менен ооругандардын саны 24% азайды.

Ал эми жакында ар кайсы облустардагы жаза өтөө жайларын кыдырып чыккан акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу абактардагы абал ойдогудай эмес экендигине мындайча токтолду:

- Мен өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарындагы түрмөлөрдү кыдырып чыктым. Алардын абалы бүгүнкү күндө өтө кыйын. Маселен, 4-5 киши жата турган камераларда 15-20 киши жатат. Чоң кишилер менен өспүрүмдөр чогуу жаткан камералар бар. Бул адам укуктарын бузуу болуп эсептелет. 19 сомдук буюм же 300 сом үчүн эркинен ажыратылган учурлар бар. Ал эми эл ичинде «Эмне үчүн миллиондогон акчаларды жеп-ичкен чиновниктер камалбайт, ал эми болбогон күнөөлөр менен карапайым адамдар камалат?» деген сөздөр айтылып жүрөт. Камакта жаткандардын укуктары сакталбайт. Камалгандардын негизги бөлүгү адвокаттардын кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Кыскасы, түрмө системасы өтө начар абалда.

Акыркы 2 жылда мамлекеттик бюджеттен жаза өтөө системасына талап кылынган каражаттын 25% гана бөлүнүп келатат. Кыргызстанда азыр жаза өтөп жаткан атуулдардын саны 18 миңге жакын. Алардын ичинен 700гө жакыны - аялдар, ал эми 160тайы - өспүрүмдөр. Башкача айтканда, өлкөдөгү ар бир 100 миң адамдын 350сү камакта жатат. Жалпысынан өлкөдө 35 жаза өтөө жайы, анын ичинен 5 тергөө изолятору бар.

XS
SM
MD
LG