БИШКЕК. Кыргызстандын түштүгүндө ич келте оорусу тездик менен жайылууда жана бүгүн бул ооруга чалдыккан жаңы кишилер катталды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, Жалал-Абад жана Баткен областтарында ич келте оорусун жугузуп алган деген шек менен ооруканаларга жаткырылган адамдардын саны 150дөн ашты. Алардын 80нинде бул диагноз бышыкталды. Дарыгерлердин айтымында, ич келте элет жеринин таза суу менен начар камсыздалганынан пайда болду.