Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Грузияда бийлик менен оппозициянын тирешүүсү уланууда


Жакында эле өткөн парламенттик шайлоодон кийин башталган оппозициячылар менен бийликтин ортосундагы тирешүү күч алып, оппозициячылардын лидери Михаил Саакашвили грузин президенти Эдуард Шеварднадзенин бийликтен кетишин талап кылууда. Жума күнү Тбилисиде өткөн демонстрацияга 20 миңдей адам катышып, алар президенттин кеңсесин көздөй жөө жүрүшкө чыгышып, полициячылардын тосмосунан өтө албай кайра парламенттин жанына кайтып келишти.
Оппозициячыл Улуттук кыймылдын лидери Саакашвили демонстранттар Борбордук шайлоо комиссиясынын кеңсесине кирүүгө да аракеттенгенин билдирди. "Шайлоо комиссиясы – коомдук уюм, андыктан полициянын анын эшигин тосууга укугу жок. Коомдук уюм катары комиссиянын иши айрыкча бардык талапкерлер үчүн ачык болууга тийиш. Шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо токтотулмайынча, биз күнү-түнү бул жерден кетпейбиз", - деди Улуттук кыймылдын лидери. Ал Грузиянын бардык атуулдарын нааразылык иш-чараларына катышууга үндөдү. Президент Шеварднадзе минтип отурса кырдаал атуулдук согушка айланып кетиши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG