Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

ГИННЕСС КИТЕБИ ӨЗ РЕКОРДУН БЕЛГИЛӨӨДӨ


Гиннесс китеби жарым кылымга жакын убакыттан бери дүйнөдө болгон ар түрдүү кызыктуу жетишкендиктерди каттоого алып келатат. Эми болсо китеп өзү рекордсмендердин катарына кошулуп отурат: жакында анын 100 миллионунчу нускасы жарык көрдү.

Гиннесс китебин барактап көрсөң, кандай гана кызыктарды жолуктурбайсың. Кай бирлери адамды таң калтырчудай, айрымдары болсо күлкү келтирет. Дүйнөдөгү эң узун чач же сакал, эң күчтүү киши, эң бийик имарат, эң узун тырмак, тамакты эң бат жеген киши, эң узун поезд жолу, эң ыкчам жүргөн автомашина, бою эң кыска адам. Иши кылып, китеп майда-чоңуна карабай, эч бирисин көңүл сыртында калтырбайт.

Гиннесстин редактору Клэр Фолкард китеп жөнүндө мындай дейт:

- Биз элдин баардыгына кайсы тармакта болбосун эң мыкты болууга мүмкүнчүлүк беребиз. Бул үчүн сөзсүз түрдө эстрада же кино жылдызы, спортчу болуу шарт эмес. Жөн гана ойлоп чыгарууга жакын болсоң, бир нерсеге умтулууң бар болсо, дүйнөдө эң мыкты боло аласың.

Эми Гиннесс өзү автордук укугу корголгон басылмалар арасынан дүйнөдө эң көп сатылган китеп катары таанылды. Эң көп нускасы чыккан китептердин ичинде Инжил жана Куран, Мао Цзедундун “Кичи кызыл китеби” бар. Бирок алардын автордук укугу корголгон эмес. Башкача айтканда, аларды каалаган басмаканалар эч кимден уруксат сурабастан каалаган нускада басып чыгара берет.

Рекорддор китебинин тарыхына кайрылсак, 1951-жылы Ирландиянын Гиннесс пиво чыгаруу ишканасынын менежери Хью Биивер Европанын эң ыкчам кушу кайсы деп талаша кетип, ошол өңдүү маалыматтарды камтыган китеп жазуу пайдалуу болоор эле деген ойго келет.

Норрис МакУортер агасы Росс менен алгачкы нусканы чыгарганын мындай деп эскерет:

- Баардыгы Флиит стриттеги кичинекей кеңседе башталган. Эң биринчи басылышты чыгарууга 16 жума кеткен.

Шейшембиде Лондондо 100 миллионунчу нусканын жарык көрүшүн белгилөө үчүн китепте катталган рекорддордун авторлору менен Гиннесстин редакторлору чогулушту. Коноктордун арасында эң катуу кекирген киши – Пол Ханн, денесине эң көп татуировка тартылган Элэн Дэвидсон, эң бат терезе жуугуч Терри Бөрроуз болду.

Жылына редактордун дарегине дүйнөнүн чар тарабынан рекордго татыктуу деген 60 миңдей арыз түшөт. Алардын баардыгы кылдат текшерилет, бирок дейт Фолкард, чандасы гана электен өтөт:

- Дүйнөнүн ар бир бурчунан кат келет. Ооганстандан баштап Маршалл аралдарына чейин, АКШ, Европадан. Ушу тапта Чыгыш Европа, Ыраакы Чыгыш, Кытай жана Жапонияда бизге кызыгуу көбөйгөнү байкалууда.

Жетишкендиктердин айрымдары, албетте, атайын жасалгандар эмес. Мисалы, Латвия эркектердин саны эң аз өлкө катары таанылган, Казакстанда болсо уулуу эң чоң булут катталган.

Ал эми атайын жасалган рекорддорчу? Эмне үчүн адамдар айрым учурларда күлкү келтирээрлик чеберчилиги менен айырмаланууга далалат кылышат?

Терри Бөрроуз Гиннесс китебине кирип калганы менен сыймыктанаарын айтат. “Өзүңдү башкалардан жогорураак сезип калат экенсиң”, - дейт дүйнөдө терезе жууш жагынан дүйнөдө өз алдына ат салдырбаган Бөрроу мырза.

Кыскасы, Гиннесс китебине катталып, дүйнөгө таанылам десеңиз, порнография менен зомбулукту камтыбаган жетишкендиктериңиз бар болсо, китептин редакциясына арыз жибере бергиле. Балким сиз да, эң катуу чүчкүргөн, эң көп бешбармак жеген, жарма ичүүдө башкаларды караандатпаган, бир учурда бир нече партияга мүчө боло алган же бели эң ичке киши катары өзүңүздү тастыктасаңыз, анда даңазалуу болуп калышыңыз ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG