Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

ЮНЕСКО төкмөлүктү дүйнөдөгү кайталангыс өнөр катары тааныды


БИШКЕК. Эл аралык ЮНЕСКО уюму дүйнөдөгү 28 өнөрдү кайталангыс өнөр катары тааныды. Алардын катарына кыргыздын төкмөлүк өнөрү да кирди. Мындай чечимди өткөн апта этегинде ЮНЕСКОнун Экинчи эларалык калыстар тобу Париждеги кезектеги отурумунда кабыл алды. Мындай чечимге байланыштуу ишемби күнү Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов төкмө акындар Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана Замирбек Үсөнбаевди кабыл алып, куттуктады.

XS
SM
MD
LG