Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Кыргызстанда бензин кымбаттады


БИШКЕК. Кыргызстанда акыркы эки күндө бензиндин баасы беш сомго кымбаттады. Маселен, А-93 үлгүсүндөгү бензиндин наркы 16 сомдон 21 сомго, ал эми А-76 үлгүсүндөгү бензин 14 сомдон 18 сом 40 тыйынга чейин көтөрүлдү. Бул өз кезегинде элдүү пункттар арасында каттоочу менчик унаалардын жол киресинин өсүшүн шарттады. Айрым байкоочулар бензиндин кымбатташы азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшүн ыңгайлаштырат дешүүдө. Бирок, кыргыз өкмөтү бензиндин кымбатташына байланыштуу өз пикирин билдире элек.
Белгилей турган жагдай, Кыргызстанды бензин менен жабдуучу негизги фирма - «Альянс» ишканасы. Анын Бишкекте эле май куюучу 22 станциясы бар.

XS
SM
MD
LG