Бишкек шаарынын түштүк кичи райондорунун борборуна балдардын музыкалык мектеби жайгашкан. Ал 1969-жылы ачылган. Ошондон бери мектеп 500дөн ашык ар кыл кесиптеги таланттуу балдарды уясынан учурду. Азыркы күндө мектептин фортепиано, баян, аккордеон, скрипка, комуз, темир комуз, чопо чоор, гитара жана урма аспаптар класстарында баш-аягы 250гө жакын таланттуу балдар окушат. Булардан тышкары, мектептин алдында комузчулардын, скрипкачылардын, баянчылардын, ооз комузчулардын топтору, фольклордук ансамблдардын эки шыгыр (хор) жамааты да уюштурулган. Мектептин окуучуларына Улуттук консерваториянын профессорлору, доценттери, республикалык, эл аралык сыйлыктардын лауреаттары, искусствонун эмгек сиңирген ишмерлери сабак беришет. Ушундай ар түрдүү кесиптеги жамаатты өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу педагог, талыкпаган уюштургуч, изденгич Айзада Маматайыпова 30 жылдан бери жетектеп келет.
Б.Алагушев:
- Айзада айым, мектептин директору болуп иштөө менен бирге «Тогуз кайрык» аттуу фондду да уюштурупсуз. Ал качан уюштурулду эле? Анын негизги максаты кандай? Балдардын «Жетиген» аттуу фольклордук ансамблинин жаңыдан жарык көргөн компакт-дискасын чыгарууга кимдер демөөрчү болушту?
А.Маматайыпова:
- 2001-жылы «Тогуз кайрык» аттуу фондду уюштурдум. Анын эң негизги максаты - элибиздин байыртан бери келе жаткан элдик музыкасынын мурастарын сактоо, өрүндөтүү. Ал ошол эле учурда булардын кооз үлгүлөрүн калың калк арасына жайылтуу, чет өлкөлүк угармандарга тааныштыруу максатын да көздөйт.
2001-жылы «Тогуз кайрык» фондунун алдында балдардын «Жетиген» аттуу музыкалык фольклордук ансамблин уюштурдук. Ансамблге мектептин 12 жаштан 16 жашка чейинки таланттуу окуучулары тартылды. Алар музыкалык мектептеги жалпы сабактардан тышкары, кыргыздын элдик аспаптары болгон комуз, ооз комуз, чопо чоор, жыгач ооз комуз, добулбас ж.б. аспаптарда ойношот. Алардын коштоосунда Атайдын, Ыбырайдын, Токтогулдун, Адамкалыйдын, кала берсе, чет өлкөлүктөрдүн күүлөрүн аткарышат.
Кыска мөөнөттө «Жетиген» ансамбли (жетекчилери Элвира Насырамбекова, Бактыгүл Марипова) бир топ шаардык, республикалык сынактарга, фестивалдарга катышты. Алардын жеңүүчүлөрүнөн, лауреаттарынан болушту. Республикада биринчи жолу балдардын аткаруусунда компакт-дисканы чыгардык. Бул компакт-дисканы чыгарууга Дүйнөлүк Банк каражат берди. Айрым демөөрчүлөр да жардам көрсөтүштү. Алардын ичинен Кыргызстандагы эл аралык туристтик «Асман тиреген тоолор» компаниясын баса белгилей кетким келет.
Б.Алагушев:
- Сиздер чыгарган альбомго Атайдын, Ыбырайдын, Токтогулдун, Бурулчанын, Коргоолдун, Карамолдонун күүлөрү баштаган 23 чыгарма кириптир. Ал эле эмес, чех темасына жазылган күүнү, француздардын «Жак байке» аттуу обондорун ооз комузчулар ансамбли аткарыптыр. Кечээ жакында жарык көргөн альбомдун бет ачаарын өткөрдүңүздөр. Ага кимдер катышты?
А.Маматайыпова:
- Компакт-дисканын бет ачаарына Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбах, Франциянын Кыргызстандагы консулу Драман Коэстер, Американын, Түркиянын элчиликтеринин, ЮНЕСКОнун, «Сорос-Кыргызстан» фондунун өкүлдөрү, булардан тышкары Кыргыз техникалык университетинин ректору, академик Ж.Шаршеналиев ж.б. меймандар катышты. Ансамблдин аткаруусунда компакт-дискага жазылган чыгармалардан концерт бердик.
Концерт жөнүндө бул иш-чарага катышкан айрым адамдардын пикирлерин уктук. Кыргызстандагы Франциянын консулунун өкүлү Драман Коэстер мындай дейт:
- Мага концерт өзгөчө жакты. Күүлөр аспаптарга устаттык, кылдаттык менен салынган. Фольклорду сакташ керек. Ушундай саамалыкты мындан ары да улантыш керек. Бул жакшы иш-чара.
Кыргыз техникалык университетинин ректору Жаныбек Шаршеналиевдин пикири:
- Мен «Жетиген» аттуу ансамблдин аткаруусундагы күүлөрдү кунт коюп уктум. Балдардын черткендери, кийген кийимдери аябай жакты. Ушундай таланттуу балдардын жамаатын колдоого алып, ар тараптан көмөк көрсөтүшүбүз керек. Мен кесибим боюнча техникалык адисмин. Ошондой болсо да кыргыздын күүлөрүн өтө сүйөм, өзгөчө урматтайм. Мени балдардын «Жетиген» аттуу фольклордук ансамблинин черткен күүлөрү, аткаруучулук чеберчилиги таң калтырды. Мен колуман келген жардамымды берем. Студенттер менен жолугушууларды өткөрөм. Мен бул жерде колунда бар ишкерлерге кайрылаар элем: байлыгыңарды мончо, казиного чачпай, «Жетиген» сыяктуу балдардын фольклордук ансамблине колдоо көрсөтсөңөр жакшы болоор эле. Себеби, каражаттын тартыштыгынан мамлекетибиз колдоо көрсөтө албай жатат. Ошондуктан таланттуу балдарга жабыла жардам көрсөтсөк, өнөрүбүз дагы өркүндөйт эле.
Келечектин ээлерине ар тараптан колдоо көргөзүлсө, алардын элдик музыкага болгон сүйүүсү баштагыдан дагы артып, бабалардын мурастарын дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга жол ачылат эле.