Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:57

Пакистанда исламчыл үч партиянын ишмердүүлүгүнө тыйуу салынды

Пакистан өкмөтү мурда тыйуу салынгандан кийин жаңы ат менен түзүлгөн радикалдуу исламчыл үч уюмга тыйуу салды.
Алар “Ислам Техрик Пакистан”, “Миллат-е-Исламия Пакистан” жана “Куддамул Ислам” уюмдары.
Ал эми “Жамаат-ул-Дава” уюмунун ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынды деп кабарлады өкмөттүк Ей-пи-пи агенттиги.
Ишемби күнү аталган партиялардын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынары менен, бийликтер тыйуу салынган топтордун кеңселерин өлкө боюнча жабышты.


Амирбек Азам уулу, Прага
XS
SM
MD
LG