Үстүбүздөгү жумада Бремер Вашингтонго барып, бир катар жогорку жетекчилер менен, анын ичинде президент Буш менен Ирактагы чукул кырдаалды талкуулаган эле. Ирактын жарандык администратору сапарынан кайтып келип, Башкаруу кеңеши менен масилээт курду. Багдадда өткөн жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда июнга чейин АКШ бийликти Ирактын өткөөл өкмөтүнө өткөрүп берет деп жарыяланды. Ал эми 2005-жылдын аягына дейре өлкөнүн жаңы конституциясы иштелип чыгып, өткөөл өкмөттү эл тарабынан шайланган кабинет алмаштырмакчы. Кеңештин мүчөсү Ахмед Чалаби кабарчыларга билдиргендей, бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүдөгү алгачкы кадам катары утурумдук кеңешти шайлоо белгиленген. Эмки май айына чейин шайланган ошол орган өткөөл өкмөттү тандайт. Чалабинин айтымында:
- Утурумдук кеңеш 2004-жылдын июн айынын этегине чейин Ирактын убактылуу өкмөтүн дайындайт. Ошол убактылуу өкмөт толук эгемендүүлүккө ээ болот. Ал саясий башкаруучулук катары эл аралык коомчулук тарабынан да таанылат. Бийлик өткөрүлүп бергенден соң, оккупациялык режим аяктайт, коалициянын убактылуу башкаруучулугу жоюлат. Ирактын көз карандысыз өткөөл өкмөтү түзүлөөрү менен Башкаруу кеңешинин ролу да соңуна чыгат.
Аны менен бирге, Чалаби утурумдук кеңеш кандай жол менен шайланаарын ачык айткан жок. Бирок, деп кошумчалайт Чалаби, ошол жараян Ирак коомчулугунун өкүлдөрү менен болчу талкуулардан кийин ишке ашырылмыкчы. Анын айтымында, ачык талкууларга, өз ара пикир алмашууларга Ирак калкынын бүткүл катмарлары тартылат. Ошентип, элдин баардыгы өлкөнүн жаңы саясий системасын орнотууга катышып калмакчы.
Ишемби күнү шардана кылынган чечим АКШнын баштапкы пландарынан кыйла айырмаланат. Вашингтон администрациясы Ирактагы бийликти жергиликтүү органдарга шашпай өткөрүп берүүнү болжолдогон эле. Ак Үй ошондой эле конституция бийлик Ирактын жаңы өкмөтүнө өткөрүлүп бергенге чейин эле иштелип чыксын деген турумда болуп келген. Бирок соңку күндөрү АКШнын расмий өкүлдөрү алгачкы пландарынан баш тартты. Буга Ирактагы коопсуздук абалынын кескин курчуп кетиши себеп болду.
Жаңы долбоор ачыкталгандан көп узабай, ишемби күнү кечинде америкалык эки тик учма кагылышып, кеминде 17 жоокер набыт болду. Ройтерс маалымат агенттигинин кабарына ылайык, алардын бирөө ракетадан аткыланып, ылдый жагында учуп бараткан экинчи тик учманы сүзгөн. АКШнын Ирактагы командачылыгы мерт кеткендер жана жаракат алгандардын баардыгы америкалык аскерлер экенин дароо тастыктаган жок. Соңку үч аптанын ичинде эле Иракта америкалык беш тик учма атып түшүрүлүп, 39 киши набыт болду.
Кошмо Штаттары өлкө үчүн жоопкерчиликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү менен коалиция аскерлерине кол салууларды азайтууну жана өлкөдөгү жалпы кырдаалды жакшыртууну көздөйт. АКШ ошондой эле оккупациялык режим мыйзам түрүндө жоюлгандан кийин жаңы өкмөт америкалыктардын жетекчилиги астындагы эл аралык күчтөрдүн өлкөдө кала берүүсүн каалайт деп үмүттөнүп жатат. Ишемби күнкү пресс-конференцияда Башкаруучу кеңешинин азыркы төрагасы Жалал Талабани “АКШ жана башка чет мамлекеттик аскерлердин өлкөдө кала берүүсүн өткөөл өкмөт талкуулайт. Аларга муктаждыгыбыз болсо, калгыла дейбиз, керектери жок болсо, анда кетүүсүн суранабыз”, - деди.
Вашингтондо болсо президент Буш жаңы планды кубаттаган билдирүү жасады.