Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

ПАРЛАМЕНТТЕ «МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ» МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ КАРАЛАТ


Азиза Турдуева, Бишкек Мындан 14 жыл мурда «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынган. Коомдогу өзгөрүүлөргө байланыштуу бул мыйзамдын жаңы долбоорлору иштелип чыкты. «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорлору соңку эки жылдан бери парламентке сунушталууда.

Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынында «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоорлору карала баштайт. Палатанын талкуусуна президенттин демилгеси менен жана жыйындын депутаты Бектур Асанов тарабынан даярдалган эки долбоор сунушталат. Мыйзам долбоорлору боюнча депутат Бектур Асанов жана мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов чыгып сүйлөшөт.

1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам кыргыз тилин мамлекеттик деңгээлге көтөрүү, иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү, эне тилдин функцияларын кеңейтүү сыяктуу максаттарды койгон эле. Бул мыйзам эгемендик идеясына улутту көтөрүүгө да олуттуу таасир берип, ойготкуч ролду ойногон.

Айрым тилчи-окумуштуулар белгилешкендей, тил жөнүндөгү мыйзамда аны ишке ашыруу механизмдери так иштелип чыкпагандыгына байланыштуу мыйзамды жүзөгө ашыруу жагы кыйла аксап калды. Депутат, оппозициячыл саясатчы Бектур Асановдун маалыматы боюнча, ал сунуштаган мыйзам долбоорунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө басым жасалса, президент тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору радикалдуу мүнөзгө ээ жана анда тилди башка улуттарга үйрөтүүгө, кыргыз тилин жайылтууга өзгөчө көңүл бөлүнгөн.

- Президент тарабынан сунушталган мыйзам долбоорунда кыргыз тилин көбүрөөк күчкө салып жайылтуу маселелери каралып калган. Ал эми мен сунуштаган долбоордо кыргыз тилин өнүктүрүү, кыргыз тилиндеги маалыматты көбөйтүү, илим менен техниканын жетишкендиктерине кыргыз тили аркылуу жетишүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу максаты коюлган, - дейт депутат Бектур Асанов.

Ал эми айрым тилчи-окумуштуулар «тилди өнүктүрүүгө, аны жайылтууга мамлекет тарабынан көзөмөл керек» деген пикирде. Бул жөнүндө тил илимдеринин доктору Абак Биялиев мындай дейт:

- Кыргыздын өсүшү үчүн кыргыз тили керек. Мамлекет ошону талап кылышы керек. Президент баштап жыйналыштардын баарын кыргыз тилинде өткөрүшү керек. Жусуп Абдрахманов кыргыз тилин билген орустарга 10% айлык кошуп берген. «Орустар тилди окуп жатабы?» деп контролго алган. Бийликтегилер бул маселеге көзөмөл жүргүзүшү керек.

XS
SM
MD
LG